Рим-католик чиркөөсүнүн кезектеги, 265-башчысын шаршемби күнү Ватикан салтанаттуу ибаадат менен белгиледи. Таазим-таатты жаңы папа Бенедикт XVI өзү өткөрдү.
Йозеф Ратцингер Германиянын түштүгүндөгү Марктл шаарында туулган. Өткөн аптада 78ге чыкты. Анын жаңы Папа болуп шайланганын укканда марктлдыктар маңдайы жарылгыдай кубанышты: түп көтөрүлө көчөлөргө чыгып,бийлеп-ырдашты,коңгуроолор кагылып, оркестрлер ойноду, каалагандарды бекер пиво менен сыйлашты. Шаар башчысы бул окуя алар үчүн зор сыймык экенин белгилеп, Бенедикт XVI жарык дүйнөгө келген жерде жашаганына курсантчылыгын жашыра алган жок.
Дүйнөлүк лидерлер да жаңы Папага жылуу куттуктоолорун жолдошту. АКШнын президенти Жорж Буш өз сөзүндө Бенедикт XVIны “ашкан акылгөй жана билимгер адам” деп сыпаттады. Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр немец кардиналынын Ватикандагы Ыйык такка отурганын жалпы улуттун зоболосун көтөргөн зор окуя катары баалады. ООНдун баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, Бенедикт XVI тажрыйбасы чоң кашкөй киши, маркум Иоанн Павел IIнин жакын иркектеши катары адамзаттын өнүгүшүнө андан кем калбаган рухани салым кошо алат.
Бенедикт XVI кардинал кезинде католик дүйнөсүнө катаң консерватор иретинде таанылган. Анын дал ушул сапаты динзарлар арасында ала-кула ой-пикирлерди жаратты. Америкалык католиктердин бири буга өтө курсант экенин, анткени консервативдүү көз караш католик чиркөөсүнө зыян эмес,пайда берерин белгиледи.
Ошол эле учурда жаңы Папанын бул сапатына анчейин ичи чыкпагандар, атүгүл ачыктан-ачык жактырбагандар либерал католиктер арасында жалгыз-жарым эмес, жалаа көрүнөт.Чилилик тургундардын бири, маселен, немец кардиналы жаңы Папа болуп жарыта албай турганын ачык эле айтып, анын ордуна Латын америкалык бирөө болсо деп каалаганын ырастады. Бразиялык бир аял да жаңы Папанын өтө эле консерватор экенин эске салып, католик чиркөөсүндө жаңы өзгөрүштөрдү жактап жүргөнүн, бирок эми үмүтү өчкөнүн моюнга алды.
Бенедикт XVI кезегинде башка диндерди кыртышы сүйүңкүрөбөгөн кыялы бар экенин да көрсөткөн учурлар болгон. Түркияны,мисалы, Евросоюзга кабыл алынса, кечирилгис каталык болот деп билдирген. Ошентсе да Азиядагы жана Жакынкы чыгыштагы мусулман лидерлери, англикан чиркөөсүнүн башчысы Рован Уиллямс, орус патриархы Алексий II жаңы Папаны кызматташууга жана өз ара түшүнүүчүлүккө чакырышты. Израилдин туризм министри Абрам Хирчсон да кардинал Ратцингер жаңы Папанын кызматында дүйнөлүк диндер арасындагы ымаланын зарылдыгын түшүнөт деген ишеничин билдирди.