Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:03

«BITEL» КОМПАНИЯСЫНА КАЗАКСТАН ИШКЕРЛЕРИ ЭЭ


Бекташ Шамшиев Ушул жылдын 30-мартында Бишкек шаардык экономикалык маселелер боюнча райондор аралык сотунун чечимине таянып сот чечимин аткаруучулар «Вitel» компаниясына тийиштүү мүлктү тизмелеп кетти. Кыргызстандагы эң ири байланыш компаниясын А.Акаевдин үй-бүлөсү көзөмөлдөп келгендиги соңку кездери көп айтылууда. Учурда компаниянын каржылык документтери кылдат текшерилүүдө.

«Вitel» компаниясы 1997-жылдын 23-июнунда уюшулган. Анын 100 000 сомдон куралган уставдык капиталынын 40% «Кыргызтелеком» акционердик коомуна, калган 60% үлүш «Ареопаг-Бишкек» биргелешкен ишканасы менен жоопкерчилиги чектелүү «Айдыңкөл» коомуна тийиштүү. Мамлекеттик ишкананын жеке ишкердикке кантип аралашып калганын компания жакында билдирип, мамлекет энчисиндеги 40% үлүштүн акчасын «Вitel» компаниясынын башкы директору Нурбек Турдукулов өз чөнтөгүнөн алып кошконун ачыкка чыгарды.

Компаниянын маалыматына караганда, алгачкы жылдары жаңы байланыш түйүнү жакшы киреше киргизе албай, тапкан пайданын кыйласы электр байланыш тармагын кеңейтүүгө жумшалып турган. Мына ушул жагдай компанияны уюштургандардын катарындагы «Кыргызтелеком» жетекчилигин ойлонткон белем, же башка жагдайлардан уламбы, иши кылып ал 1999-жылы катардан чыгып кеткен.

Жаңы иштин башталышына жанынан бир тыйын акча чыгарбаган мамлекеттик акционердик коом чыгып кеткенден кийин, «Вitel» компаниясы уставдык капиталды «Ареопаг Бишкек» менен «Айдыңкөл» ортосунда тең бөлүштүрүп, кайра каттоодон өткөн.

2001-жылдан тарта компаниянын иши жакшы жүрүшүп, кыйла киреше таап, анын кызматын пайдалангандардын саны кескин көбөйө баштаган. Антишке заманбап технологиянын арбын колдонулушу, анан да чөнтөк телефон менен сүйлөшкүсү келгендерге өзгөчө ыңгайлуу «Mobi Card» системасынын киргизилиши кардарлардын катарын арбыткан.

2003-жылдын башында акционерлер чогулушу өтүп, анда компанияга тиешелүү үлүштү толугу менен Британиянын Мэн аттуу майда аралдарында катталган «Кыргыз Мобил Тел Лимитед», «Джордж Рисоиз Лимитед», «Флаксендей Холдингс Лимитед» деген компанияларга сатып жиберген.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы «Вitel» компаниясынын оңор эмес акчалары мына ушул оффшордук зоналарга кеткенин айтып, ушу тапта аны кылдат текшерип атышынын жөнү ушундай. 5-апрелден тарта андай текшерүү башталганын Башкы прокуратуранын мыйзам аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Канат Аманкулов маалымдаган:

- Биздин башкармалык тарабынан мыйзамдуу негизде «Вitel» компаниясынын иши текшериле баштады. Биз компаниянын каржы-чарбалык документтерин, компанияны уюштургандар, алардын артында кимдер турганын, ага кимдер катышканын, капитал кайдан чыкканын териштирмекчибиз.

Канат Аманкуловдун ырасташынча, кайсы бир кирешелүү ишкананын А.Акаевдин үй-бүлөсүнүн көзөмөлүндө турганын далилдөө кыйын. «Вitel» компаниясынын уюштурулушуна мамлекеттин тиешеси бар-жогу тергөөчүлөрдү кызыктырбайт, дейт К.Аманкулов.

11-апрелде казакстандык «Альянс-Капитал» компаниясы «Вitel» компаниясына тийиштүү үлүштү толугу менен сатып алышканын жарыя кылышты. «Вitel» компаниясы жаңы ээликке өткөнүн анын коомчулук менен байланыштар боюнча өкүлү Оксана Абидаш да ырастады:

- Азыр казак фирмасы компанияга ээ. Компанияны сатып алган фирманын пресс-релизи биздин сайтта жайгашкан. Ага чейин Мэн аралында катталган 3 фирма ээлик кылчу. Кайсы бир аралдарда катталган ал фирмалар тууралуу маалымат да биздин сайтта бар.

«Вitel» компаниясынын башкы директору Нурбек Турдукулов ушу тапта чет жерде кызмат сапары менен жүргөндүктөн андан иштин чоо-жайын тактоо мүмкүнчүлүгү болбоду. 2003-жылдан быйылкы жылдын 4-апрелине чейин Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министринин орунбасары кызматын аткарып келген Н.Турдукулов 11-апрелден тарта өзү уюштурган компанияны кайра жетектөө милдетин колуна алган.

XS
SM
MD
LG