Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

БОЛГАРИЯ МЕНЕН РУМЫНИЯ ЕВРОШАРКЕТКЕ КИРИШЕТ


Баян Жумакадыр кызы Европарламент 13-апрелде Страсбургда өткөн сессиясында Румыния менен Болгарияны Еврошаркетке 2007-жылы кабыл алууну чечти. Бул эки өлкөнүн уюмга кабыл алынуусу жөнүндөгү келишимдерге 25-апрелде кол койулат жана аларды бекитүү үчүн өлкөлөрдүн парламенттерине 20 айлык убакыт берилет. Ошону менен бирге эле Еврошаркеттин уюмду кеңейтүү маселелери боюнча жооптуу кызматкери Олли Рен, эгерде бул өлкөлөр уюмга кирүү үчүн зарыл болгон шарттарды аталган мөөнөткө чейин аткара алышпаса, аларды уюмга кабыл алуу кийинкиге калтырыла тургандыгын билдирди.

Европарламенттин сессиясында өткөн добуш берүүдө Болгариянын уюмга кабыл алынуусун 522 депутат колдоп, 70 и каршы чыгышты. Румыния болсо бир аз азыраак колдоого ээ болду, 497 депутат анын кабыл алынуусун колдоп, 93ү каршы чыгышты.

Европарламенттин төрагасынын орун басары, Болгария менен Румыния жөнүндөгү отчеттун авторлорунун бири Пиер Московици бул добуш берүүнү саясий добуш берүү, өлкөлөргө үлкөн сасяий ишеним көрсөтүү катары баалады.

Менин пикиримде, парламенттин добуш берүүсү саясий добуш берүү болду. Муну менен Парламент Румынияга ишеним көрсөтүп, анын уюмга кабыл алынуусуна жол ачууда. Уюмдун бул кеңейүүсү тарыхый мааниге ээ болот,- деди Московици Румыниянын уюмдун талаптарын аткаруудагы көрсөткүчтөрү дагы бир кыйла жакшыртылуусу керек экенин кыйытып.

Ал эми Европарламенттин дагы бир жооптуу өкүлү, Болгария боюнча отчеттун авторлорунун бири Жефри Ван Орден:
2007-жылы уюмга кабыл алынуу үчүн Болгария өзгөчө көңүл бурууга тийиш тармактар айкын. Дагы бир топ иш аткарылуусу керек. Бирок бүгүн парламенттин басымдуу бөлүгү Болгарияга оң ишара кылды.Бул баарыбыз үчүн жагымдуу окуя болду,-деп айтты.

Румыния менен Болгарияны уюмга кабыл алуу маселеси парламентте буркан-шаркан дискуссияларды жаратты. Анда өлкөлөр уюмга кирүү шарттарын аткарууда бир топ ийгиликтерге жетишти деп айтылганы менен, депутаттар эки өлкөнүн алдында тең дагы кыйла бир топ милдеттер тургандыгына басым жасашты.

Депутаттардын мындай сыны бекер жеринен айтылган жок. Мисалы, европалык саясатчылардын көз карашында, Болгария юстиция системасын Европанын стандарттарына төп келтирип, цыган улуттук азчылыгын коомго интеграциялоо процессин ыкчамдатууга тийиш. Андан да чоң милдеттер Румыниянын алдында турат. Бул өлкөдө юстиция тармагы менен катар эле жалпы өкмөттүк башкаруу системасы реформага муктаж.

Андан сырткары, саясатчылардын айтымында, эки өлкө тең коррупцияны ооздуктоо жана азчылыктардын укуктарын кепилдөө жаатында дагы толуп жаткан иштерди аткаруусу керек. Мисалы, Болгария кылмыштар кодексине коррупцияга каршы эффективдүү күрөшүүгө мүмкүндүк бере турган статьяларды киргизе элек. Эки өлкөдө тең уюшкан кылмыштуулук чоң проблема болуп кала берүүдө.

Болгария менен Румыния Еврошаркеттин эң кедей мүчөлөрүнөн да жакыр. Мисалы, Болгарияда улуттук дүң өндүрүштүн көлөмү киши башына 3255 доллдарды түзөт, айлык акы орто эсеп менен 213 доллардын тегерегине барат. Румынияда болсо улуттук дүң өндүрүштүн киши башы көлөмү 2850 долларды, айлык акы 340 долларды түзөт. Салыштыруу үчүн айта кетели, Еврошаркеттин эң бай өлкөлөрүндө улуттук дүң өндүрүштүн киши башы көлөмү 26000 доллардан ашат.

Бул жана башка жагдайларды эске алуу менен Европарламент эки өлкө тең уюмга кирүүгө толук даяр болуу үчүн ыкчам аракет кылуусу керек деп эскертишти. Еврошаркеттин уюмду кеңейтүү маселелери боюнча жооптуу кызматкери Олли Рен, эгерде Болгария менен Румыния уюмга кирүү үчүн зарыл шарттарды 2007-жылга чейин аткара алышпаса, аларды уюмга кабыл алуу сөзсүз кийинкиге калтырыла турганын эскертти.

XS
SM
MD
LG