Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:24

Кыргыз парламенти Аскар Акаевдин арызы боюнча чечим кабыл алууну дүйшөмбүгө калтырды


БИШКЕК. Кыргызстандын парламенти бийликтен четтетилген президенр Аскар Акаевдин кызматтан кетүү арызы боюнча чечим кабыл алуунун дүйшөмбү күнгө калтырды. Мыйзамгерлер оболу өлкөнүн мамлекет башчысынын милдетин аткарып жаткан Курманбек Бакиев өлкөнүн президентин кепилдиктер менен гарантиялардан ажыратуу маселеси боюнча өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгын макулдашы керек деп жатышат. Президент жөнүндөгү мыйзамга киргизилген оңдоолор менен өзгөртүүлөргө ылайык, Аскар Акаев мыйзам алдында иммунитетин сактап калат, бирок анын үй бүлө мүчөлөрүнө иммунитет кепилденбейт. Акаевге ошондой эле алдыдагы шайлоого ат салышууга уруксат берилбейт. 24- мартта болгон көтөрүлүштө өлкөдөн качып кеткен Аскар Акаев кызматтан кетүү жөнүндө арыз берген, бирок ал арыз парламенттин макулдугусуз күчүнө кирбейт.

XS
SM
MD
LG