Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

АКАЕВДЕРДИН МЕНЧИГИ ДЕП БОЖОМОЛДОНГОН 42 ИШКАНА ТЕКШЕРИЛЕ БАШТАДЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек Акыркы жылдары көз карандысыз массалык маалымат каражаттар Аскар Акаевдин үй-бүлөсү өлкөдөгү пайдалуу кирешелүү ишканаларды күч менен тартып алып жатканын айтып келген болчу. Бирок Аскар Акаев аны танып келген. Жаңы өкмөт «үй-бүлөгө» таандык болушу мүмкүн деген ишканаларды текшерүү үчүн атайын комиссия түздү.

Вице-премьер Данияр Үсөнөвдун Жогорку кеңешке берген маалыматы боюнча, Акаевдердин үй-бүлөсүнө таандык деп шектелген ишканалардын саны 42 жетет:

-Биз өкмөттүн токтому менен Кыргыз республикасынын биринчи президентине, анын үй-бүлөсүнө жана туугандарына таандык мүлктөрүн иликтөө боюнча комиссия түздүк. Бул жерде болжол менен 42 ишкана бар. Аларды иликтеп чыгыш керек, – деди Данияр Үсөнов.

Анын айтымында, өкмөттүн максаты- бул байлыктарды мамлекетке кайтарып алуу, аларды Акаевдердин чет өлкөлөргө чыгарып кетүүсүнө бөгөт коюу:

- Мен силерге айтып коеюн, сөз бир нече миллиарддаган сомдор жөнүндө жүрүп жатат. Ошондуктан биз документ түрүндө алардын баарын тактоо, баалоо жана текшерүү үчүн комиссия түздүк. Ири алдыда аларды сактап калууга, бул компаниялардын каражаттарынын офшордук зоналарга өтүп кетпешине зарыл болгон чаралардын баары көрүлүүгө тийиш, - деди Данияр Үсөнов.

Акаевдердин үй-бүлөсү өлкөдөгү кирешелүү ишканаларды ээлеп алып жаткандыгы жөнүндө алгачкы маалымат Акаев экинчи мөөнөткө шайлангандан кийин пайда боло баштаган. Алгач анын күйөө баласы Адил Тойгонбаев жөнүндө көп сөз жүрүп, анын «Вечерний Бишкек» гезитин, «Кант цемент-шифер комбинатын», «Кайыңды кант заводу» жана башка ишканаларды менчиктеширип алгандыгы айтылган.

Кийин президенттин уулу Айдар Акаев жөнүндө айтыла баштап, анын бизнеси кайнагасыныкынан ашып баратканы тууралуу сөз болгон. Чет өлкөлүк гезиттердин бирине берген интервьюсунда президент күйөө баласынын бизнеси жакшы жүрүп жатканын билдириген. Бирок «үй-бүлө» мындай сөздөрдү негизинен укмаксанга-көрмөксөнгө салып келген.

Ыңкылап болор алдында «МСН» гезити Акаев салган үйдүн сүрөтүн тартып, алар ээлик кылат деген ишканалардын тизмесин жарыялаганда гана, Аскар Акаев «үй-бүлөлүк бизнес» деген сөз куру жалаа деп, аталган гезитти айыптап чыккан:

- «МСНдин» акыркы макаласын мен чыдооого мүмкүн болбогон ээн ооздук деп эсептейм. Урматтуу мекендештер, сиздер өлкөнү башкарууну жана элдин конституциялык укугун коргоону ишенип тапшырган Кыргызстандын жараны катары мен белгиленген мыйзам тартибинде өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн ар намысы менен абийрин коргоо максатында сотко кайрылууну чечтим, – деген болчу Аскар Акаев.

Бирок президент гезит жарыялаган ишканалардын кайсынысы «үй-бүлөнүкү», кайсынысы аныкы эмес экенин тактаган эмес:

- Бүгүн МСН гезити меники жана менин үй-бүлөмдүкү деп санаган ишканалардын жана кыймылсыз мүлктөрдүн кожоюндарына кайрылып, буга карата өз сөзүңөрдү айтып, менчикке болгон өз укуктарыңарды элге жарыялап берсеңиздер демекчимин, – деген болчу Аскар Акаев.

Адистер ал ишканалар толугу менен Акаевдерге таандык болбошу, үй-бүлө алардын акцияларыныен бир бөлүгүнө гана ээлик кылышы мүмкүн экендигин белгилешет. Алардын айтымында, айрым ишканалар оффшордук зоналарда катталып, алардын ээсин тактоо кыйын. Кээ бирөөлөрү болсо формасы боюнча мамлекеттик ишкана бойдон калтырылып, үй-бүлө түшкөн кирешени каалагандай пайдаланып турган.

Мисалы, «МСН» гезити сүрөтүн тартып жарыялаган үй ошондой мамлекеттик болуп эсептелет. Данияр Үсөновдун айтуусу боюнча, ал 500 млн сом турат. Жогорку кеңеште сүйлөгөн вице-премьер Ишенбай Кадырбеков Акаев ал үйдү менчикке берүүсүн сурап жаткандыгын билдирди.

Өкмөттүк комиссия текшерип бүтмөйүнчө Акаевдердин байлыгы канча экендигин айтыш кыйын .Бирок Жогорку кеңештин 8-апрелинде болуп өткөн отурумунда депутат Баяман Эркинбаев ал 2,7 млрд долларга чамалап барарын билдирди:

-Мага түшкөн маалымат боюнча, Акаевдин элден уурдап-тоногон байлыгы 1,5 млрд долларды, 100 тонна алтынды түзөт. Ал эми Адил Тойгонбаевдин кыргыз мамлекетинен уурдаган акчасы- 1,2 млрд доллар.. Ошентип Акаевдердин үй-бүлөсүнүн уурдаган суммасы 2,7 млрд доллар жана 100 тонна алтын, – деди Баяман Эркинбаев.

Адистер мынчалык байлыкты ишкерликти таза жүргүзүп эч бир адам таба албасын, Акаевдер мамлекеттик аппаратты пайдаланып, айрымдарын күч менен, айрымдарын алдап жыйнаганын билдиришет:

- Үй-бүлөнүн кылып жатканы бизнес эмес, - дейт «Вечерний Бишкек» аттуу гезититин үй-бүлөгө тарттырып жиберип, кийин «МСН» гезитин ачкан Александр Ким.

Акаевдердин үй-бүлөсүнүн байлыгы жөнүндө сөз болгондо, карапайым эл жөнүндө айтпай коюуга мүмкүн эмес. Расмий маалымат боюнча өлкө калкынын жарымына жакыны жакыр деп эсептелип, итке минген турмуш өткөрөт. Кыргызстан болсо дүйнөдөгү эң кедей мамлекеттердин катарына кирет.

XS
SM
MD
LG