Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

СИРИЯНЫН АСКЕРЛЕРИ ЛИВАНДАН АПРЕЛДИН АЯГЫНА ЧЕЙИН ЧЫГАРЫЛАТ


Сириянын өкмөтү Ливандагы аскерлерин 30-апрелге чейин чыгарып кетүүгө даяр. Бул жөнүндө жекшембиде БУУнун атайын өкүлү Терье Род Ларсен Сириянын президенти Башар Асад жана тышкы иштер министри Фарук ал-Шараа менен болгон жолугушуусунан кийин жарыялады.

- Тышкы иштер министри ал-Шараанын маалыматына ылайык, сириялык жоокерлер, аскерий жана чалгындоо жабдыктары эң кеч дегенде 2005-жылдын 30-апрелине чейин толугу менен алынып кетет. Бул милдеттенме Таиф келишиминин духуна жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин1559-резолюциясынын талаптарына дал келет, - деп билдирди БУУнун өкүлү Терье Род Ларсен.

Сириялык аскерлер Ливанга 1976-жылы киргизилеген. БУУнун Коопсуздук Кеңеши былтыр кабыл алган резолюция Сирияны Ливандан чегинүүгө жана өлкөнүн саясатына таасир этүүдөн баш тартууга үндөйт. Дамаскиге болгон кысым Ливадын мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин киши колдуу болушунан кийин өзгөчө күчөдү. Ливандыктардын айрымдары кол салууга Сириянын тиешеси бар деп эсептешет.

БУУнун баш катчысы Кофи Аннан өткөн айда Араб лигасынын саммитинде да Сириянын президенти Башар Асад менен жолугушуп, аскерлерди чыгарып кетүүнүн так датасынын белгиленишин талап кылган.
Уюм бул процесс Ливандагы парламенттик шайлоого чейин бүткөрүлсүн деген турумду ээлеп келген.

Соңку жумалардын ичинде Дамаск бир нече миң аскерин Ливандан чыгарып, кээ бир бөлүктөрүн Бекаа өрөнүнө жайгаштырган. Сириянын Ливандагы бир катар чалгындоо кеңселери жабылды. Бирок Дамаск Бейрутка шериктери аркылуу таасир этүүнү улантып жатат. Ливандын оппозициясы Сирияны жана өлкөдөгү сириячыл партияларды өкмөт курууну кечеңдетүү аркылуу, шайлоонун датасын жылдыргысы келет деп күнөөлөп жатат.

Өткөн аптада премьер-министрликке көргөзүлгөн Омар Караминин өкмөт түзүү аракеттеринен майнап чыкпай калган. Жума күнү Карами сириячыл шеркитери менен консултация өткөргөндөн кийин кабинет курууга ага дагы бир мүмкүнчүлүк берилгенин билдирди.

Оксфорд университетинин аналитиги Надим Шехади “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде Дамаск өз чечимин эларалык коомчулуктун кысымы астында кабыл алганын белгилейт:

- Азыр Сирия согушка чейинки Ирактын кейпин кийип калды. Ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына байш ийип, Ливандагы аскерлерин чыгарып кетүүгө даярдыгын көргөзгүсү келет. Дамаск резолюцияда каралбаган коопсуздук күчтөрүн да алып кетебиз деп жарыялады. Сирия АКШ же эларалык коомчулук ага каршы чара көрөт деп чочулап, аларды алдын алгысы келет.

XS
SM
MD
LG