Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

ПРЕЗИДЕНТ А.АКАЕВ СОТ ЖООБУНА ТАРТЫЛЫШЫ ЫКТЫМАЛБЫ?


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстан коомчулугунун айрым өкүлдөрү кызматынан четтетилген президент Аскар Акаев өлкө башчысы болгон жылдары жасаган кылмыштары үчүн сот жообуна тартылууга тийиш деген маселени көтөрүшүүдө. Ошол эле учурда, айрым саясий партиялар мындай маселеленин көтөрүлүшүнүн негизи жоктугун айтып жатышат.

25-мартта Кыргызстандагы «Эркиндик» партиясы билдирүү таратып, анда башка талаптар менен бирге мамлекеттик оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн президент Аскар Акаевге каршы кылмыш иши тез арада козголушу зарыл деген талап коюлган. Буга байланыштуу аталган партиянын төрагасы Топчубек Тургуналиев мындай деди:

- Эмне үчүн Аскар Акаев эл алдында жана сот алдында жооп бериши керек? Анткени ал элди аткан президент болду, Кыргызстандын жерин Кытайга, Казакстанга жана Өзбекстанга сатты, 1995-жылдан бери бийликти узурпациялап, менчиктештирип алды. Адам эркиндиктери менен укуктарын тебелеп-тепселеди, мамлекеттик казынаны, элдин байлыгын тоноду, чет мамлекеттерден келген ондогон миллиард акчаны уурдады, өлкөнү кыйроого, элди жакырчылыкка алып келди. Ошону үчүн ага каршы кылмыш иши козголушу керек,-деди Топчубек Тургуналиев.

«Эркиндик» партиясынын мындай демилгесин бир катар партиялар, алардын ичинде Кыргызстан коммунисттик, «Асаба» кайра жаралуу, Кыргызстан демократиялык кыймылы жана башка партиялар колдошууда.

Ал эми «Жаңы күч», «Менин өлкөм» сыяктуу партиялар президент Аскар Акаевди сот жообуна тартуу маселесин көтөрүү негизсиз деген пикирлерин билдиришүүдө. Мындай пикирин «Менин өлкөм» партиясынын жетекчилеринин бири Курманбек Дыйканбаев мындайча айтты:

-Эми айрым саясий партиялардын Аскар Акаевди кылмыш жазасына тартуу керек деп айткандары негизсиз. Анткени ал киши Кыргызстанда тоталитардык система кулагандан кийин, демократиялык коомду курууга бир топ салымын кошту. Мисалы, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп улуттук валютаны киргиздик, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кирдик, жер реформасын жүргүздүк. Ушундай иштерди жургүзүүдө Акаевдин салымы зор болду.

Биз борбор калаада турган пикетчилердин да Аскар Акаевдин сот жообуна тартуу маселеси боюнча пикирлерин сурадык. Таластан келген Кочкор Апышев:

- Ал качты да. Эгерде мынчалык чоң күнөөсү болбосо, ал качпайт эле. Качканынан эле карапайым эл деле жыйынтык чыгарып атат. Ал сот жообуна сөзсүз тартылыш керек.

Ал эми Оштон келген Бүбүрайым Исманова мындай деди:

- Аскар Акаев 14-15-жылдан бери элди тоноп, жакырчылыкка алып келди. Элдин байлыгын тоноду. Ырыскысын өзүнө ыйгарды. Эми ошонун баарын элге кайтарып берсин, биздин бала-чакабыз башка жерлерде иштеп жүрүшөт. Алар да келсин. Акаев кылмыштары үчүн жоопко тартылсын.

Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов кызматынан четтетилген президентти гана күнөөлөө менен чектелбестен, кыргыз эли Акаевдин режиминен сабак алууга тийиш деген оюн айтты:

- Азыр биз Акаевди соттойбуз, башка кылабыз деген гана максатты койбошубуз керек. Албетте ал өзүнүн кылмыштары үчүн жоопко тартылышы керек. Бирок эң башкысы, кыргыз эли Акаевдин режиминен, эмне үчүн биз ошондой режимге көп жылдар бою кабылып калдык, мындан ары ага дуушар болбошубуз үчүн кандай кадамдарды жасашыбыз керек? Мына ушул суроолорго жооп алып, жыйынтык чыгарышыбыз керек. Коомубуз тазаланышы керек .

Өлкөдөгү айрым партиялар болсо Аскар Акаевдин үстүнөн кылмыш иши козголо турган болсо аны көз карандысыз сот кароого тийиш деген көз караштарын айтышат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG