27-февраль, 13-мартта өткөрүлгөн шайлоого нааразы болгон элдин колунда учурда Ош, Жалалабат, Талас облустук, Кочкор, Өзгөн, Базаркоргон, Токтогул райондук администрацияларынын имараты турат. Ишемби күнү эртең менен Токтогул районунда эл менен милиция кызматкерлеринин тирешүүсү болуп, андан эки адамдын жабырланганы кабарланууда. Баткен облустук имаратынын алдында 500 адам топтолуп, ага кирүүгө аракеттенүүдө. Элдин колуна Ташкөмүр шаарынын администрациясы да өтүп, бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин эл чыгып кеткен.
19-мартагы курултайдан кийин Ош облусунда элдик кошуундар түзүлүп, коопсуздук маселеси колго алына баштады. Оштогу курултайдын өзгөчөлүгү ага Грузия парламентинин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Георгий Таргамадзе баш болгон беш грузин депутатынын катышуусу болду.
Түштүк борборго ишемби күнү ички иштер министри Бакирдин Субанбеков келип, тартип коргоо органдарынын аракетин жетектөөгө алды. Бирок облустук, райондук администрациялардын имаратындагы өтө бир коркунучтуу нерсе, ал жердеги адамдардын бензин куйулган бөтөлкөлөрдү жанына коюп, бийлик чабуул койсо өзүбүздү, имаратты өрттөөгө барабыз деп турганында болууда. Өлкөдөгү кырдаалды Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктов мындай баалады:
- Кырдаал чыңалган бойдон турат. Оппозиция менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок мунасага келүү мүмкүн болбой турат. Биз күч колдонууга жол бербөөгө аракет кылып жатабыз.
«Бийлик өзгөчө кырдаалды киргизиши мүмкүнбү?» деген суроого Борис Полуэктов минтип жооп берди:
- Бул боюнча эч нерсе дей албайм. Маалыматым жок. Өзгөчө кырдаалды киргизүү кимдин укугунда экендиги белгилүү. Ал акыркы чара. Бирок азыркы шартта анын аягы өтө кейиштүү болушу ыктымал.
Ал эми “МСН” гезитинин башкы редактору Александр Кимдин өлкөдө болуп жаткан окуяларга көз карашы мындай болду:
- Бүгүнкү кырдаал өлкөдөгү саясий жараяндын артка кайтпас мүнөзгө ээ болушу деп баалайм. Аскар Акаев муну канча тез, туура түшүнсө - өлкө үчүн да, анын өзү үчүн да жакшы болот. Дагы бир белгилей кете турган нерсе, бул оппозиция өзүнүн лидерине ээ болгонун көрсөттү. Ал - Курманбек Бакиев.
“Жаңы багыт” коомдук-саясий кыймылынын лидери Муратбек Иманалиев мамлекеттин бардык тармагында кризис орун алганын белгилеп, андан чыгуунун жолу катары бийлик оппозиция менен сүйлөшүүгө барышын атады. Эгерде дагы бир нече күн ичинде бийлик сүйлөшүүгө барбаса кеч болуп калат дейт Муратбек Иманалиев:
- Менин оюмча президент оппозиция менен сүйлөшүш керек. Диалог болуш керек. Бирок дагы беш-алты күн ичинде кыймыл болбосо - анда диалогдун да кереги жок болот. Ошондойго баратат. Элдин нааразылык акциясы азырынча туу чокусуна жете элек.