Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Токтогулда кырдаал курч


БИШКЕК. Жалалабат облусунун Токтогул районунда кырдаал татаал бойдон калууда. №21 Токтогул шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Токтосун Мадияровдун шайлоочулары Токтогул райондук администрациясын 17-марттан бери ээлеп турушат. Алардын колунда барымтада район акими жана прокурору калууда. Ал эми Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Аалиев жүрөгү ооруп калгандыгына байланыштуу барымтадан бошотулду. Токтосун Мадияровдун маалымдоосуна караганда, 18-мартта Токтогул районуна милиция мектебинин 200 курсанты жеткирилди. Райондук администрациядагы эл шайлоодогу мыйзам бузууларга каршы чыгууда.

XS
SM
MD
LG