Кыргызстандын тышкы карызы өсүп кеткендигине байланыштуу ал дүйнөлүк финансы уюмдарынан мурдагыдай жардам ала албай калды. Ал эми экономиканын өсүү темпин болсо жок дегенде азыркыдай 5% деңгээлде кармап туруш үчүн өлкө анын ордун тикелей инвестиция менен толтурууга тийиш. Бул үчүн, адистердин эсебинде, Кыргызстан азыркы 115 млн. доллар тикелей инвестицияны 250 млн. долларга жеткирүүсү зарыл.
Кыргызстанда азыр чет өлкөлүк тикелей инвестицияларды көбөйтүүгө багытталган бир нече долбоор иштеп жатат. Алардын бири – «Евробиримдик менен Кыргыз республикасынын кызматташуусун ишке ашыруу» долбоору. Долбоор «Кыргызстан чет өлкөлөрдүн баардыгына ачык» деген өлкөнүн аброюн көтөрүүнү жана атын таанытууну максат кылган атайын стратегияны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталган. Анда иштеген чет өлкөлүк адистер Кыргызстандын инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн өтө жогору баалашат:
- Экономикага инвестицияларды тартуу жаатында Кыргызстан Борбор Азияда гана эмес, Латын Америкасы менен да атаандашууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан Кыргыз республикасынын ишкерлери өз ишердүүлүгүн чет өлкөлүк инвесторлорго оптималдуу жана позитивдүү көрсөтө алышы өтө маанилүү, - деди аталган долбоордун кеңешчиси Кольм Халлорон.
Долбоордо иштеген адистердин билдирүүсүнө караганда, чет өлкөлүк инвесторлорду Кыргызстандын туризм, айыл чарба жана айыл чарба продукцияларын иштетүү, тоо-кен жана электрондук өнөр жайы өңдүү тармактары кызыктырышы мүмкүн. Алар Кыргызстанга, эгерде келишсе, бир гана орусиялык, казакстандык жана кытайлык инвесторлор гана келиши мүмкүн деп эсептешет. Бул адистердин оюнча, кыргыз ишкерлери өз мүмкүнчүлүктөрүн чет өлкөлүк инвесторлорго жакшы көрсөтө албай жатышат. Алар кыргыз ишкерлери өзгөчө бизнес-пландарды даярдай алышпасын белгилешет:
- Азыр биз регионалдык семинарлардын сериясын баштайбыз. Ал жерде жеке сектордун өкүлдөрү эл аралык стандартка жооп берген бизнес долбоорлорду кантип иштеп чыгыш керек экендиги жөнүндө маалымат алышат. Бул семинарлар баардык региондордо өткөрүлөт, - деди Чет өлкөлүк инвестициялар боюнча консультативдик кеңештин секретариатынын кызматкери Кубат Өмүрзаков.
Анын айтымында, мындай үч күнгө созулган семинар 16-мартта Чүй обласында болуп өттү. Эми ал өлкөнүн калган областарында да өткөрүлмөкчү.
Чет өлкөлүк эксперттердин мындай пикирине өлкөдөгү айрым адистер макул эмес. Алар кеп ишкерлердин бизнес-план түзө албагандыгында эмес, Кыргызстанда инвестиция тартууга жагымдуу шарттын өзү жок, ошон үчүн инвесторлор келбей жатат деп эсептешет:
- Инвестиция тартабыз деп матрица түзүп жатышпайбы. Тоскоолдуктарды алып салабыз деп, жылыга эле матрица түзүп жатышат. Төрт матрица түзүп чыгышты окшойт. Жыйынтык жок. Алардын максаты бирөө эле – коррупцияны жоюу. Коррупцияны жоюп салганга биздин мамлекеттин алы жок. Себеби мамлекеттин башында тургандардын баары коррупцияга кирип кетишкен, - деди Кыргыз улуттук университеттин башкаруу кафедра башчысы Адырбек Дүйшөмбиев.