Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫРДААЛ: ЭЛ КОЧКОР ЖАНА БАЗАРКОРГОН РАЙОНДУК АКИМИЯТТАРЫН ЭЭЛЕП АЛДЫ


16-мартка карай өлкөнүн бир катар аймактарында нааразылык акциялары улантылды. Ошто, Жалалабатта, Таласта жана Кочкордо митинг болуп, эл шайлоонун өтүшүнө нааразылык билдирип турушту. Бишкек-Ош жолун Токтогулда Токтосун Мадияровдун тарапкерлери үч күндөн бери бууп жатышат. Акыркы маалыматтар боюнча эл Кочкор жана Базаркоргон райондук администрацияларынын имараттарын ээлеп алышты.

15-мартта кечинде президент Аскар Акаев телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылып, шайлоонун адилет, ачык өткөндүгүн дагы бир ирет жарыялады:

- Бул шайлоо ачык-айкын, демократиялык күрөштүн жана уюшкандыктын алкагында өтткөндүгүн толук көрсөттү десем эч жаңылышпайм.

Президент Акаев нааразылык акцияларын саясатчы сөрөйлөр уюштурууда, аларга каршы тийиштүү чара көрүлөт, деп билдирди.

Ал эми оппозициялык күчтөр шайлоодо мыйзамдар одоно бузулуп, акча таратылып, административдик каражаттар пайдаланылганын, ушуга байланыштуу калк нааразылык акциясына чыккандыгын айтышууда.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг мырза да 16-мартта өткөрүлгөн маалымат жыйынында Ош, Жалалабат, Нарын, Талас, Кочкор жана Өзгөндөгү элдин толкундоолору бийликтин шайлоо жараянына кийлигишүүсүнөн, мыйзам бузуулардын айынан келип чыкканын белгиледи.

16-мартта Кочкор райондук акимчилигинин алдында Акылбек Жапаровдун 2 миңге чукул жактоочулары митинг өткөрүштү. Алардын талабы тууралуу Кочкордон «Эр айдоочу» уюмунун башчысы Качкын Булатов буларды кабарлады:

- Сот бийлигине нааразы болушууда. Эл Кочкор райондук соту, аким кызматтан кетсин деген талаптарды коюп жатышат

Маалым болгондой Биринчи май райондук соту Жапаровдун атаандашы Турдакун Усубалиевдин шайлоого кайра катышуусуна жол ачып берген чечим чыгарган. Түштөн кийин митингичилер Кочкор райондук администрациясын күч менен ээлеп алышты.

16-мартта Базаркоргон райондук администрациясын нааразы болгон эл ээлеп алганы кабарланды. Кыргызстан элдик биримдик координациялык кеңешинин Жалалабат облустук бөлүмүнүн башчысы Жусупжан Жээнбеков бул маалыматты ырастап, 200дөй адам райондук администрациянын имаратына кирди деп тастыктады. Оппозициялык саясатчы Бектур Асановдун айтымында, мындай окуялар жакынкы күндөрдө башка райондордо да болот.

Равшан Жээнбековдун шайлоочулары 14-мартта Талас облустук администрациясынын имаратын ээлеп алышкан, алар 16-мартта да нааразылык акциясын улантышты. Анын катышуучусу Абды Байболотов Таластан буларды билдирди:

- Мына бу облустук Акүйдүн алдында 10 миңдей адам чогулуп турабыз. Биз баарыбыз Равшан деп турабыз. Биз бийликтен жададык. Ушул эл Аскар Акаев тез эле кетсин деген тилек-ойдо турат.

Анын айтымында, Таласта шайлоочулар 17-мартка белгиленген элдик курултайга даярдык көрүүдө.

Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Виктор Черноморецтин маалымдоосуна караганда, 15-мартта Жалалабаттагы курултайга катышкан Кыргызстан элдик биримдигинин лидерлери 17-мартта Таласка келип, курултайга катышат.

Шаршемби күнү Ош шаарында Дүйшөн Чотоновдун тарапкерлеринин нааразылык акциясы уланды. Чотонов буларды билдирди:

- Бүгүн мен балдарга форма кийгиздим. Анын алдында «Адилеттүүлүк үчүн», аркасында «За справедливость» деген жазуулары бар. Курамында жүздөн бала бар беш-алты топ шаарды аралап, «Акаев кетсин!» деп кыйкырып жүрүшөт.

16-мартта Алай районунда да элдин толкундоосу уланды. Алар Ош-Сарыташ жолун буушту. №44 Алай округдук шайлоо комиссиясы 15-марттагы жыйынында төрт участокто шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, ал жерде кайрадан добуш берүүнү уюштуруу чечимин чыгарган. Бирок Марат Султановдун тарапкерлери ага нааразы болууда.

«Жаңы багыт» коомдук–саясий кыймылынын лидери Муратбек Иманалиев өлкөдөгү кырдаалды мындай баалады:

- Азыркы абал шахматтагы пат кырдаалына окшош болуп жатат. Бийликтин мүмкүнчүлүгү азайды. Оппозицияда жаңы идея жок. Ресурс болсо мурда эле аз болчу.

Жалпы улуттук идеянын жоктугунан нааразылык акциялары жергиликтүү мүнөзгө ээ болууда. Оппозиция элге идея берүүнүн үстүндө иштеп жатат, деп белгиледи Муратбек Иманалиев.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG