Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:12

Иран өзөктүк программасынан баш тартпайт


Иран эларалык коомчулук менен кызматташып, атомдук курал жасоо аракети жок экенин далилдөөнү каалайт жана өзөктүк отунду тынчтык максатында колдонуу укугунан баш тартпайт. Президент Мохаммад Хатами ишемби күнү Венесуэладагы сапарынын соңунда ушундай билдирүү жасады:


- Кошмо Штаттары жана Евробиримдик бизди байытылган уранды тынчтык максатында пайдалануу укугубуздан баш тарттырууну каалайт. Биз өз мамлекетибиз менен сыймыктанабыз жана өз укугубуздан баш тартпайбыз. Биз ошол эле учурда дүйнө коомчулугун Иран ядролук курал жасоого барбайт деп ишендире алабыз.

Хатами жана Венесуэланын президенти Хуго Чавес өз ара тилектештик да билдиришти. Бир күн мурда АКШ өкмөтү Иранды ядролук куралды жасоодо деп мурдакыдай айыптабастан, Евробиримдиктин сунушун колдогон. Жума күнү АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс Вашингтон европалыктардын планын колдоорун билдирген. Бу план боюнча Иран уранды байытуудан баш тартса Европа өлкөлөрү Ирандын Дүйнөлүк соода уюмуна өтүүсүнө жардамдашат.

Ирандын тышкы иштер министрлиги ишемби күнкү билдирүүсүндө эч кандай “кысым көрсөтүү, пара берүү же коркутуу” Тегеранды ядролук программаны тынчтык максатында өнүктүрүү аракетинен баш тарттыра албайт деп, Райс айымдын сөзүн сындады.

XS
SM
MD
LG