Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:20

УКВ жыштыгын алууну каалаган бир гана кардар чыкты


БИШКЕК. Улуттук телерадиокорпорациянын 2-республикалык уктуруулар жыштыгы үчүн 10-мартка белгиленген ачык аукцион болбой калды. Бул тууралуу ушул эле күнү «Кыргызтелеком» акционердик коомунун радиотелеберүүлөрдү алып көрсөтүүчү жана угузуучу (РПО МТР) өндүрүш бирикмесинин башкы директору Куванычбек Бегалиев билдирди. Анын айтымында, ачык аукциондун өтпөй калышына жыштыкты ижарага алууну каалаган юридикалык тараптардын жетишсиз болушу негиз берди. Аукцион жарыялангандан бери 2 компания кайрылып, алардын бири арызын кайтарып алган. Мыйзам боюнча аукционго катышууну каалаган тарап ижара үчүн төлөнүүчү каражаттын 5% кайтарымсыз төлөшү керек. Бирикме жыштык үчүн жылына 280 миң доллар сураган. Бегалиевдин билдиргенине караганда, кайрадан чакырылышы күтүлүп жаткан келерки аукциондо бул баа арзандашы ыктымал.
Аталган УКВ жыштыгында буга чейин 1992-жылдан бери чет өлкөлүк уктуруулар бюросуна бириккен «Свобода», «Азаттык» жана «Голос Америки» радиоберүүлөрү чыкчу жана ижара үчүн «Кыргызтелекомго» жылына 220 миң доллар төлөп келген. Ишкана 24-февралдан баштап аталган радиоберүүлөргө жыштык берүүдөн баш тарткан жана аны аукцион менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG