Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:30

БРИТАН ДИПЛОМАТЫ ӨЗБЕКСТАНДЫ ЭҢ ЖАМАН 10 ДИКТАТОРДУК РЕЖИМГЕ КОШОТ


Британ дипломаты Крейг Мюррей Өзбекстандагы адам укугун бузуулар кеңири жайылган көрүнүш экенин эки жыл мурда айтып, зордукчул режимге жардамдашууда деп Кошмо Штаттарды күнөөлөгөн. Мюррей ал кезде Британиянын Өзбекстандагы элчиси болчу. Ошол окуядан кийин элчи натуура жүрүм туруму, анын ичинде жумушта арак ичти деп күнөөлөнүп, Лондонго чакырып алынган. Азыр жүйөлүү жөлөкпулга жашап жаткан Мюррейдин айтымында, ал майда болчу парламенттик шайлоодо Британ тышкы иштер министри Жэк Строу менен атаандаштыкка чыгат.

Крейг Мюррей, талдоочулардын айтымында, Британ дипломаттарынын ичинен диломаттык сыпайкерчилик каадасын бузган бирден бир элчи болушу мүмкүн.

Ташкенде элчи болуп жүргөндө ал Өзбекстандагы адам укугун бузууларды ачык айтып, Вашингтонду Өзбекстан терроризмге каршы согушту жактаганы үчүн эле президент Каримовдун “зордукчул” режимин колдоодо деп сындаган. Ошондой эле Британия менен АКШны өзбек кызматтары адамдардан “уруп-сабап” алган маалыматтарды пайдаланууда деп күнөөлөгөн.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Катлин Мур азыр жүйөлүү жөлөкпулга жашап жаткан батыл элчи менен маектешкен эле. Крейг Мюррей “Өзбекстандагы адам укугунун абалын сындоосуна эмне түрткү берди?” деген суроого:

-Менин оюмча, ырасмий Ташкендин зулумдугу чектен ашып, кеңири жайылып кеткендиктен, аны ашкере кылуу керек эле. Мен өтө курч сүйлөгөм. Бирок, АКШнын Мамкатчысы Мадлин Олбрайт 2000-жылкы сөзүндө Ташкен режимин мага салыштырганда өтө катуу сындаган. Тилекке каршы, Буштун администрациясы өздөрү тарапта деп ойлогон айрым бетпак диктаторлорду кайрадан колдой баштады...

Мюррейдин сөзүнчө, Батыш өлкөлөрү Өзбекстан терроризмге каршы күрөштө АКШнын тарабын алганы үчүн эле, Өзбекстандагы адам укугун буузуулар тууралуу ачык айтышпайт:

–Мен 2002-жылы алгач элчи катары келгенимде Евробримдиктин башка элчилерине сыпайы кайрылып: “Мырзалар! Адам укугунун абалы өтө жаман экен, бул ашкан диктатордук”,-дедим. Ошондо эки элчи мага түз эле ”Ооба,биз аны билебиз. Бирок, Өзбекстан АКШнын жакын союздашы болгон үчүн ал жөнүндө сөз кылбайбыз”дешти.

Былтыр АКШнын Мамлекеттик департаменти Адам укугуна арналган жылдык докладында Каримовдун режимин түрмөдөгү адамдарды уруп-кыйноолорго жол бергени үчүн сындады.

Вашингтон адам укугунун абалына шилтеп, 10 миллион доллар жардамды бербей да койду. Бирок, анын артынан эле Пентагон биологиялык куралдарды жайылтуунун алдын алуу үчүн Өзбекстанга кошумча дагы 21 миллион доллар берилээрин жарыя кылган. Мындай чара Мюррейдин айтышынча, анти-Батыштык маанайды жаратышы мүмкүн. Экс-элчинин пикиринче:

- Биз Өзбекстанга келегей режим катары мамиле кылганыбыз жөндүү. Ырасмий Ташкендин режими Белорус президенти Лукашенка курган режимге караганда бир кыйла осол жана зулум. Биз Лукашенкону “катардан чыгарганыбызга” жана ага каршы чектөө колдонгонубузга курсанбыз. Ал эми Каримовго сый көрсөтүп жүрөбүз. Өзбекстан дүйнөдөгү 10 диктатордук режимдин бири экени анык. Биз Зимбабвенин президенти Мугабе менен Лукашенкого эч кыйналбай эле “эл катарынан чыккан” бейдаба катары мамиле кылабыз. Эмне үчүн Каримовго андай мамиле кыла албайбыз.

2003-жылы Крейг Мюррей оболу дипломатка сыйбаган жүрүм туруму, ошондой эле кызматка арак ичип алып келди деген шылтоо менен Лондонго чакырылып алынган. Жакында Тышкы иштер министрлиги дипломатка 2 жыл мурда коюлган күнөөнү негизсиз деп таап,Мюррейге кызматтагы убактылуу тыныгуусу үчүн чоң өлчөмдөгү акча төлөп бермек болду.

Экс-элчинин айтышынча, ал май айында болчу шайлоодо Тышкы иштер министри Жэк Строу менен парламенттик мандатты талашат. Мюррей шайлоо өнөктүгү маалында Иракка каршы согуштун мыйзамсыздыгына жана Британ өкмөтүнүн чет өлкөлөрдөгү адам укугун бузууларга жетерлик көңүл бурбаганына элдин көңүлүн бурмакчы.

XS
SM
MD
LG