Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

ТАЖИКСТАНДЫН БОРБОРУНДА ЖАРДЫРУУ БОЛДУ


Венера Сагындык мкызы, Бишкек. "Волга" автомашинеси Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында, тажик президентинин иш кеңсесине 1 чакырымдай жетпеген жерде жардырылды. Бийликтегилер машиненин ичиндеги бир адам мүрт кетип, дагы төрт киши жарадар болгонун билдиришти.

"Азаттыктын" Дүйшөмбүдөгү кабарчысы жардыруу күчтүү болгондуктан, жанындагы бир нече машинени бүлгүнгө учуратып, тегеректеги имараттардын терезелери күбүлүп түшкөнүн билдирди. Ага удаа Тажикстандын ички иштер министри Хомиддин Шарипов азырынча бул ишти ким уюштурганы, максаты кандай болгону белгисиз деп жарыялады.

Азыркы тапта бизде эч кандай жоромол жок. Жардыруу эмнеден келип чыкканы да белгисиз, - дейт министр.

Ал окуя теракт болушу мүмкүн деген да жоромол иликтенип жатканын кошумчалады. Айтмакчы, бул жардыруудан бир аз мурдараак Тажикстандын коопсуздук министрлигинде өрт башталган. Тажик өкмөтүнүн өкүлдөрү ал өрт техникалык себептен улам келип чыкканын, андан эч ким жабыр тартпаганын билдиришти.

Көз карандысыз журналист Мирзо Салимов 27-февралда Тажикстанда парламенттик шайлоо өтөөрүн эске салып, шайлоо-референдумдар алдында мындай окуялар салтка айланганын белгилейт. Көнүмүшкө айланган андай жардыруулар адатта - ким уюштурганы белгисиз бойдон калат, деп кошумчалайт Дүйшөмбүлүк журналист. Эмнеси болсо да, Тажикстандын борборунда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, окуя болгон жерлерде тергөө иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG