Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:24

ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВ ЫСЫККӨЛ ОБЛУСУНУН АКТИВИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ


Шейшекан Жаналиева, Бишкек. 29-январда Ысыккөл облусунун активи Чолпоната шаарындагы «Кыргыз деңизи» эс алуу үйүндө өтүп, ага республиканын президенти Аскар Акаев катышты. Мамлекет башчы бул жолугушууда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн абалына, алдыдагы парламенттик шайлоого байланышкан маселелерге токтолду. Жыйындын айрым катышуучулары президент Аскар Акаевди мамлекет башчысы катары дагы бир мөөнөт иштеп берүүсүн суранышты.

Аталган иш чараны облус губернатору Токон Шайлиева ачып, социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылынын жыйынтыктары боюнча кыскача маалымат берди. Президет Аскар Акаев активдин катышуучуларын негизги үч багытка - атап айтканда, жакырчылыкты кыскартууга, айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга жана туризмди өнүктүрүүгө бурду. Анын айтымында, 2010-жылга чейин калктын жакыр катмарын эки эсеге чейин кыскартуунун стратегиялык пландары иштелип чыкты. Ошондой эле чакан кредиттерди берүүнүн көлөмү өткөн жылы 3 млрд. сомду түздү, же 250 миң адам чакан кредит алды. Ал эми Ысыккөл районундагы Тамчы эл аралык аба майданын кайра калыбына келтирүү иштерине 5 млн. доллар акчалай колдоо бөлдү. Эми Жапон мамлекетинен грант алуу мүмкүнчүлүгү бар. Жазга чейин бул аба майданы толук ишке кирет деп айтты президент Аскар Акаев.

Иш чарада мамлекет башчысы алдыдагы парламенттик шайлоону тынч, адилет жана калыс өткөрүү үчүн активдин катышуучуларына кайрылып, бийлик эч бир талапкерди колдобойт, деп айтты:

-Алдыдагы шайлоону толук демократиялык негизде өткөрүшүбүз керек. Мен президент катары ушул шайлоо ачык, айкын, демократиялык негизде жана эң негизгиси адилеттик, калыстык маанайда өтсүн деген ой менен ушундай талап коюп атам. Өкмөттүн, облустук, райондук администрациянын атынан сиздерге кайрылам. Бүгүн сиздерде толук шарт бар, ушул шайлоолорду демократиялык негизде, чыр-чатак чыгарбай жакшылап өткөзүп алалы. Бийлик эч кандай эч бир талапкерди колдобойт. Бийлик шайлоонун ачык, айкын жана адилет өтүшүнө гана көмөк жасашы керек.

Ошондой эле Аскар Акаев республикадагы соңку саясий абалды бийликке кумары канбаган бир ууч адамдар гана уюштуруп жатат деген оюн кошумчалады:

- Митинг, пикет уюштуруп аткандар жок эмес. Ошондуктан мен сиздерге кайрылам. Саналуу эле адамдар саясий оюндарга кумары тойбогон саналуу адамдар эле ушунун баарын уюштуруп жатышат.

Жетиөгүз райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Абылай Сатылганов
ынтымакты ыдыраткандарга кошулбай эле, президентти колдойлу деген
оюн төмөндөгүчө билдирди:

- Бүт баарыбыз, бүтүндөй кыргыз атуулдары ынтымакты ыдыратууга
жол бербеш үчүн элибиз менен бирдикте, элибизге түшүндүрүп, жаманчылыктан алыс болуп, элибиздин ынтымагын сактайлы,ынтымак алды ырыскы болот. Элдин турмушу эми оңолот.


Ал эми Чолпоната шаарындагы «Ак бермет» эс алуу үйүнүн директири
Акжолтой Насирдинов оозуп бараткан күлүк аттын алдына чыгууга
болбойт, ошондуктан Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн дагы беш жылга узартып алалы деген оюн ачык эле айтты:

- Элибизде ар кандай сөздөр айтылып атат. Бирок сиз ушул
реформанын аягына чейин чыгып, реформаны дагы алдыга жылдырып, эл алдында дагы беш жыл иштеп берүүңүздү суранабыз.


Иш чараны облус губернатору Токон Шайлиева жыйынтыктап, Аскар
Акаевди башка президент менен алмаштырууга болбойт, биз ысыккөлдүктөр шайлоону тынч өткөрөбүз, бийликке каршы сөз айткандарды облуска жолотпойбуз деген чакырык менен элге кайрылды.

XS
SM
MD
LG