Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСИЙ КЫРДААЛ ОРУС ГЕЗИТ БЕТТЕРИНДЕ…


Төрөкул Дооров ,Москва. «Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдындагы саясий кырдаал». Бул – акыркы жумада орус гезиттери кызыккан негизги темалардын бири болду. Ар кайсыл гезит окуянын өнүгүү жолдору тууралуу түрдүүчө көз карашын билдирди, бирок алар баары алдыдагы шайлоо чынында маанилүү болоорунан күмөн санашпай тургандыгын жазышты.

«Новые известия» басылмасында жума күнү жарык көргөн макалада «Кыргыз оппозициясы Грузиянын жана Украинанын төңкөрүштүк тажрыйбасын кайталаганга далалат жасап жатат» деп айтылат. Макаланын автору Мехман Гафарлынын оюнда, оппозициянын аракеттери азырынча парламенттик шайлоо менен гана чектелет, анткени дал ушул жаңы парламент күзүндө өтүүчү президенттик шайлоонун тагдырын чечиши керек. Маселенин маани-маңызы Кыргызстандын Конституциялык сотунун былтыркы жылдын сентябрындагы чечими менен байланыштуу. Анда Конституциялык сот парламенттин мыйзам чыгаруу жыйынынын бир катар депутаттарынын «президент Акаев келээрки президенттик шайлоодо талапкердигин коюуга укуктуубу же жокпу?» деген суроосуна, бул маселени парламент чечет деп жооп берген. Бийликти соттун жообу канааттандырды жана ал президентти тандоого чейин ага жарашыктуу парламентти тандап алууга аракет кыла баштады. Өз кезегинде, оппозиция да бар күчүн парламенттик шайлоого уруп жатышы да ушуга байланыштуу» деп жазат «Новые известия».

«Российские вести» гезити да буга чейинки басылманын оюн улагандай маанайда «КМШнын картасын изилдеп жатып, «кезекте ким?» деген суроого жооп табуу татаал деле эмес» дейт. Антсе да, гезиттин ишениминде, Грузия менен Украинадан айырмаланып, кыргыз оппозициясында камчы сабына жарагыдай абройлуу лидери жок имиш. Ушундан улам «Российские вести» «Мунун өзү быйылкы түстүү ыңкылаптын коркунучу жөн эле саясий куру кыйкырык болуп калышы деле ажеп эмес» деген бүтүм чыгарды.

«Время новостей» гезитинде журналист Аркадий Дубнов өз макаласын «Кыргыз үй-бүлөсү» деп атап, «болочоктогу парламентте өлкө жетекчилеринин туугандарынан түзүлүүчү фракцияны ушинтип атаса деле болот» дейт. «Бул үчүн, мисалы, азыркы президент Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаева менен уулу Айдардын депутаттыкка талапкер болуу аракеттери себеп болот, - дейт Дубнов. Андан ары, тизмеде президенттин жубайы Майрам Акаеванын сиңдилери Окен менен Аязгүл, ошондой эле өкмөт башчысы Николай Танаевдин тун уулу жана президенттик администрациянын башчысы Тойчубек Касымовдун уулу жана күйөө баласы бар». Бул адамдар келечектеги парламентте «Кыргыз үй-бүлөсү» деген фракцияны да түзө алышат дейт Дубнов.

«Московский комсомолец» бейшембидеги санында «Грузия менен Украинадагы ыңкылаптардан кийин кезек эми Кыргызстанга келгендей» деп жазды. Анткени акыркы мезгилдерде ырасмий бийликти каралаган аракеттер көбөйө баштаптыр. Буга мисал катарында басылма парламенттик шайлоого байланыштуу өткөн аптада кыргыз өкмөтүнүн жашыруун жыйыны тууралуу кабар пайда болгонун келтирди. Республикалык бир катар орус тилдүү басылмаларда орун алган макалада ошол айтылуу «жашыруун жыйындын стенографиялык баяндамасы» берилген эле. Кийин кыргыз өкмөтү ал маалыматты кескин четке кагып, аны кара пиар деп атаган.

Ал эми «Независимая газета» басылмасында Кыргызстандагы окуяларга байланыштуу эки макала жарыяланды. Биринчисинде, парламенттик шайлоого талапкер катарында президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева көрсөтүлгөндүгү, ал эми экинчисинде парламент Кыргызстандын мурдагы элчилерин парламенттик шайлоого катыштыруу чечимин кабыл алгандыгы кабарланат.

Орус гезиттериндеги Кыргызстан турмушуна байланыштуу макалалардын дээрлик баарында президент Акаевдин кызы Бермет Акаеванын, ошондой эле, «Ата-Журт» саясий кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаеванын аттары көп кездешти.
XS
SM
MD
LG