Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

БШК маркировкага түшүндүрмө берди


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда тараткан маалыматка караганда, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги парламенттик шайлоо учурундагы маркировкага, башкача айтканда, баш бармакка көзгө илешпеген белги коюуга зарыл приборлорду жана боекту ушул аптанын этегине чейин алып келип берет. Шайлоо кодексине ылайык шайлоочуга добуш берер алдында сол колдун баш бармагына белги коюлат жана ал атайын аппарат менен текшерилет, белги коюлган адам экинчи ирет добуш бере албайт. Атайын белги шайлоочу добуш берүүдөн баш тарткан, мурда добуш берген шарттарда же манжасы жок адамдарга коюлбайт. Мындай түшүндүрмөнү БШК 18-январда өткөн кезектеги отурумунда берди.

XS
SM
MD
LG