19-январда Тажикстандын парламенти Орусия менен түзүлгөн бир нече келишимди ратификациялады. Алардын арасында чегараны кайтаруу, мигранттардын турмушуна жана Тажикстандын Орусияга карызына байланыштуу документтер бар. Бул келишимдерге президент Владимир Путин октябрь айында Дүйшөмбү шаарына барган учурда кол коюлган болчу. Тажикстандын 300 миллион доллар карызын кечүү менен Орусия анын ордуна баасы болжол менен 240 миллион доллар турган оптикалык-электрондук станцияны өзүнүн менчигине алат жана дагы 50 миллион долларды Тажикстандын гидроэнергетика тармагына инвестиция катары салат. Тажикстандын каржы министри Сафарали Нажмединовдун айтымында Орусиянын карызынын кечирилиши менен өлкөнүн экономикасы бир топ оңолот. Ал эми башка бир келишимге ылайык ооган-тажик чегарасын толугу менен ушул жылдын декабрынан тартып Тажикстан өз күчү менен кайтара баштайт.