12- декабрдагы “ Дело№” гезитинин кабарчысы Виталий Пожарский Грузиядагы “жоогазын ыңкылабынан” жана Украинадагы “саргыч түстөгү ыңкылабынан” кийин Кыргызстанга да бул саамалыктар көчүп келди” деп жазуу менен өткөн ишембиде башталган пикет, акцияларды талдоого алды. “Бишкектеги №1 Университет аймактык шайлоо комиссия парламенттик шайлоого депутаттыкка талапкер катары “Атажурт” коомдук- саясый кыймылынын лидери Роза Отунбаеваны каттап, кайра чечимин төгүнгө чыгарган. Анын жактоочулары, укук коргоочулар пикетке чыгып, бул жагдайды бийликтин атайын жасаганы катары баалап, адилеттикти талап кылышууда. Кыргыз бийлиги Грузия, Украина ыңкылаптарын канчалык жеригени менен ошончолук аны жакындатып жатканын билбей турат. Кыргызстандагы элдик кыймылдар ыңкылаптын сары түстө болушун жактоочудай ” деп жазат Виталий Пожарский.
Ушул басылмага берген маегинде өлкөнүн ички иштер министри Бакирдин Субанбеков “мыйзам чегинде милиция тартипти камсыз кылаарын” айткан.
12- январда “Республика” жумалыгы январдагы окуялардын иретин баяндады.
Ошондой эле ушул басылма интернетке жарыяланган өкмөт башчы Николай Танаевдин жаңы жыл алдындагы шайлоого байланыштуу жашыруун жыйынында оппозиция өкүлдөрүн парламенттик шайлоодо депутаттыкка өткөрбөө жөнүндөгү көргөзмөлөрүнүн стенографиялык отчетун жарыялашты. Анда депутаттыкка талапкер болчу оппозициялык маанайдагы ар бир инсанды парламенттик шайлоодо өткөрбөй коюунун жолдору, ыкмалары талкууга алынган. Өкмөт башчы Николай Танаев жыйында “мурда элчилик кызматта иштегендерди Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкер катары каттоодон өткөрбөстүгүн” айткан.
13- январда “Адабий гезит” жумалыгы жарык көрдү. Ушул басылмада Кыргыз улуттук адабиятынын ишмери, драматург, акын, жазуучу Мырзабек Тойбаев 70 жашка чыкканга чейин “Кыргыз эл жазуучусу” деген наам албай жүргөндүгүн жазуучулардын жоон тобу жазып, өкмөткө кайрылуу жөнөткөн. Ошондой эле жаш манасчы Улан Исмаиловдун кандайча “Манас” эпосун айтып калышынын сырын журналист Төлөнбай Абдыразаков айтып берген.
“Адабий гезит” акын Барчынбек Бугубаевдин “Эне тил” жөнүндөгү термесине жана жаш таланттардын ырларына орун берди.
12- январдагы “Вечерний Бишкек” басылмасы өкмөт башчы Николай Танаевдин “Украинанын Кыргызстанга карызы 28 миллион америка долларына барабар” деген маалыматын жарыялады.
Ушул басылма бейөкмөт уюмдардын ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын “Кыргызстандык “оппозицияны” жаакка чабуу” деген макаласына орун берди. Мында Украинадагы шайлоонун күңгөй- тескейи тууралуу сөз болуп, өлкөдөгү парламенттик жана президенттик шайлоолорго чет мамлекеттердин кийлигишүүгө акысы жоктугу тууралуу кеп болот.
Бейшемби күнү басууга даярдалып жаткан эл аралык “Заман Кыргызстан” жумалыгында кандай мазмундагы макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу редактордун орун басары Абдыкерим Муратов мындай деди:
-Журналист Канымгүл Элкеева кийинки мезгилде Бишкек шаарында жана жалпы өлкө боюнча турак жайдын баасынын кескин өсүп кетишинин себептерин иликтөөгө алган. Анын иликтөөсүндө баалардын көтөрүлүүсүнүн бир себеби, Бишкекте эле пайда болгон 500дөн ашуун ортомчу агентиктин маселелери экен. Алар атайылап турак жайды элден арзанга сатып алып, аны кайра үстөк баа менен кымбатка сатышат. Мисалы, мындан бир ай мурда Бишкектин “Жал” кичи аймагында бир бөлмөлүү үйлөр 9-10 миң америка долларына барабар болсо, учурда алардын наркы 14-15 миң долларга чейин көтөрүлүп чыкты. Ортомчулар ар бир үйгө 300 доллардан 1 миң доллардан ашык кошуп сатышканы маалым. Эгерде мындай көрүнүш жөнгө салынбаса, жакынкы күндөрү турак жайдын наркы мындан дагы 2-3 эссеге өсүшү мүмкүн” дейт автор.
Ал эми Манас Алимовдун “Күчтүү элдин тили да күчтүү” деген макаласында Кыргыз тилине мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай жактандыгы тууралуу кеп болуп, тилдин курамында чет элдик сөздөрдүн абдан көп кирип кеткендигин талдоого алган.