Ирактагы стратегиялык коммуникациялар боюнча башкы штабдын командачысынын орун басары генерал Ирв Лессел америкалык чалгынчыларда Иракта кандайдыр ири төңкөрүш же козголоң жасоого даярдык көрүлүп жатканын тастыктаган жүйөө жок экенин, бирок шайлоо алдында турган өлкөдө кандуу кол салуулар күч аларын эскертти. Генерал акыркы эле жарым жылдын ичинде орун алган окуяларга учкай токтолуп, согушкерлердин чабуулдары барган сайын мыкаачы, аеоосуз болуп баратканын белгиледи.
Өткөн алты айдын ичинде эле болгон окуяларга кайрылсак, согушкерлердин мыкаачылыгы менен кан ичкичтиги күчөгөнүн байкаса болот, мындан бир жыл илгери мындай болгон эмес,- деп айтты генерал.
Акыркы эле бир жуманын ичинде Иракта согушкерлер менен террористтердин кол салуусунан 90 киши набыт кетти. Жума күнү Багдаддын чыгыш тарабындагы Абу-Граибде ирактык бир полиция окко учту, ошол эле күнү дагы бир полиция көчөдө турган кишиден ок жеп өлдү. Самарра шаарында америкалык аскердик базанын жанында жолго орнотулган бомба жарылып, андан бир ирактык полиция курман болду. Андан бир күн мурун жолго орнотулган бомбага кабылып, америкалык жети солдат курман болду. Ирактын дагы бир чөлкөмүндө ошол эле күнү дагы эки америкалык солдат набыт кетти. Мындан эки апта мурда Мосулда америкалык аскердик базанын ашканасында болгон жардыруудан 22 киши набыт кетти, алардын 14ү америкалык солдаттар болгон. Америкалык аскерлер менен "америкалык оккупанттар менен кызматташып жаткан саткын чыккынчылар" атыккан ирактык полиция согушкерлердин башкы бутасы болуп кала берүүдө.
Жума, 7-январь күнү Фалужа шаарынын жанындагы Наймиях кыштагында жүздөгөн карапайым фалужалык качкындар жума намаздан кийин наарызылык демонстрациясын өткөрүштү. Алар америкалык жана ирактык аскерлердин Фалужадан тезинен чыгып кетүүсүн жана жолдорду ачып, качкындардын үйлөрүнө кайтуусуна мүмкүндүк берилишин талап кылышты. Ачууланган шаар тургундары Фалужадагы салгылашууда кыйрап, жок болгон үй-жайы менен оокат- тиригинин кенемтесин төлөп берүү маселесин кабыргасынан коюушту.
Иракта мына ушундай жагдай өкүм сүрүүдө. Жума күнү Американын президенти Жорж Буш өлкөнүн 18 провинциясынын, бери дегенде, төртөөндө согушкерлер шайлоону үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн экенин, бирок өлкөнүн коопсуздук күчтөрү менен америкалык аскерлер буга жол бербей турганын айтты. Ирактагы шайлоо белгиленген мөөнөттө жана ийгиликтүү өтөөрүнө ишенимин билдирген Буш Ак Үйдө журналисттердин алдында сүйлөгөн сөзүндө шайлоонун жакшы өтүүсү жана өлкөдө демократиянын орноосу –бейпилдикке өбөлгө болооруна басым жасады.
Мен демократиянын орноосу тынчтыкка алып келерине ишенем. Мындай болорун дүйнөдөгү мисалдар тастыктоодо. Демократия менен тынчтык бул бири- бирине барабар нерселер. Биздин администрация мына ушул максатты көздөп жатат,- деди Буш.
Иракта дале коогалуу жагдай сакталып жатканына байланыштуу өлкөнүн саясий жана диний чөйрөлөрүндө добуш берүүнү кийинкиге жылдыруу же бойкоттоо чакырыктары угулууда. Андай көз караш негизинен Ирактын 26 миллион калкынын 40 пайызына жакын түзгөн суннилердин арасында күч. Ирак мамлекет катары түптөлгөн 1932-жылдан баштап, Саддам Хусейин кулатылганга чейин бийлик башында келген суннилер алдыдагы шайлоодо өлкөгө таасир этүүсүнөн кол жууп калуудан кооптонууда.