1979-жылдын декабрында Советтер Союзу Ооганстанга чектүү аскер күчүн киргизген. Ал окуя тогуз жылдан ашык убакытка созулган кандуу согуш катары тарыхка кирди. Ооган согушунун катышуучусу, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйын депутаты Акбөкөн Таштанбеков ал окуяны мындай эскерди.
- Ошол убактагы саясатка караштуу, Афганистанга биздин курал күчтөр киргенибиз туура эле деп ойлойм. Негизи, эгер СССР кирбегенде, мүмкүн Америкабы, башка куралдуу күчтөр кирмек. Анан ошол убукта ошолор болгону, ошол жердеги кучтөр, ошол буфер сыяктуу болуп турду да. Афганистанга барганда 18 жашта болчумун.
Эл четинде, жоо бетинде жүргөн эр-азаматтар азыр да аз эмес. Бирок алардын Ооган согушу жөнүндөгү ой-пикири бир аз башка. Мисалы, Баткен окуясы учурунда чек ара коргоо кызматында иштеген Сергей төмөндөгүдөй оюн айтты.
- Менин оюмча Ооган согушу саясатчылардын чоң оюну болгон. Азыр биз андай чыр-чатактарга аралашпайт болшубуз керек, анткени Кыргызстандын мыкты аскер күчү жок. Мүмкүн кээ бир жоокерлер гана эл аралык аскерлерге өз кызыкчылыгы үчүн кызмат өтөшү мүмкүн. Албетте акча үчүн.
Эгер кыргыз жоокерлери акча үчүн кимдир бирөөгө иштесе, анда дал ушул жол менен куралган аскерлерди саясяаттын курмандыгына салсачы? Дегеле, жоокерлер акчага аскерди тандаса, анда буйркту тандоо да мүмкүнбү?
- Аскер күчтөрүн саясатка кийлигишүү жакшылыкка алып келбейт, биринчиден. Экинчиден, менин оюмча, эгер чыныгы жоокер болсо, берген буйрукту аткарыш керек. Эгерде ар бир аскер: “Жок мен муну аткарам, муну аткарбайм. Мынабул жакшы экен, бул жаман экен,”- деп турса, бул болбогон иш. Бирок, саясатка аскер күчтөрү, курал күчтөрүбүз эч качан кийлигишпеш керек, - деп ойлойт Акбөкөн Таштанбеков.
Биздеги кырдаал да кызык. Жоокерлер буйрукту сөзсүз аткарууга тийиш. Буйруктар элдин мүдөөсүнө, ой-максатына ылайык болуш үчүн, аны эл көзөмөлдөп туруш керек. Ал эми биздин элдин кай бир бөлүгү аскердик иш-аракеттерди кичине болсо да көзөмөлдөө эмес, Ооган согушу жөнүндө да билбейт тура.
- Билбейм
- Афган? Мындан сураң.
- Эми анча-мынча эле.
- Ойлогон эмесмин.
Ооган согушуна кыргыз жергесинен 7141 жоокер жөнөгөн. Алардын 256сы кайра кайтып келген эмес, ал эми келгендердин көбү жарадар болгон.