Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:04

Иракта, болжолу, чет элдик дагы бир адам уурдалды


Такталбаган маалыматтарда италиялык гуманитардык уюмдун бир кызматкерин экстремисттер барымтага байлап кеткени айтылган эле, мунун анык-төгүнү азыр таптиштелип жатат. Кечээ Кербалада чоң жарылуу болуп, андан жети адам набыт кетти,отуздай киши жарадар болду. Ирактагы өткөөл өкмөттүн коргоо министри Хазим аш-Шаалан экстремисттердин иштерин Тегеран жетектеп жатат деп билдирди. Министрдин айтымында, аз-Заркавинин террордук тобу менен байланыш түзгөндөрдүн арасында Ирандын жана Сириянын чалгындоо кызматтары, ошондой эле Ирактын мурдагы атайын органдарында иштеген адамдар бар.

XS
SM
MD
LG