Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:54

ИРАК ЖАЛПЫ УЛУТТУК ШАЙЛООГО ДАЯРДАНУУДА


Ирактын Борбордук шайлоо комиссиясы кандидаттардын тизмесин тапшыруу мөөнөтүн 15-декабарга чейин узартты. Азырынча 70тей партия менен коалициянын өкүлдөрү 30-январда өтчү добуш берүүгө өз талапкерлигин койду. Шайлоо кампаниясы расмий түрдө келээрки шаршембиде башталат. Козголоңчулар болсо өнөктүктү үзгүлтүккө учуратуу максатында кол салууларын күчөтүп жатат.

Саясий топтор менен уюмдар өз ара масилиет куруп, кандидаттарды тандоо үчүн кошумча убакыт сурап келгендиктен, Ирактын Көз карандысыз шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо мөөнөтүн бир нече ирет узартып келген. Комиссиянын маалымат катчысы Фарид Айардын ырастоосунда, ушу тапта 233 киши 30-январга белгиленген шайлоого талапкер болуп катталды.

Комиссиянын төрагасы Абдул-Хуссейн Хендави “Ал Арабия” телеканалына берген интервьюсунда “бул өнөктүк оңой эмес шартта өтүүдө, саясий уюмдар менен топторго ар бир мүнөт маанилүү” деп билдирди.

Шайлоо кампаниясы эмки шаршембде башталып, добуш берүүгө 48 саат калганда аяктоого тийиш. Ирактын мыйзамына ылайык, өлкө шайлоо округдарына бөлүнбөйт. Улуттук ассамблеядан орун алуу үчүн тигил же бул партия башкаларга караганда көбүрөөк процент добуш алууга тийиш.

Бейшембиде Ирактын шийи мусулмандарынын лидери Аятолла Али Систанинин жетекчилиги астында бир катар саясий уюмдар менен көз карандысыз саясатчылар жаңы уюшма түзүштү. “Ирактын бирдиктүү альянсы” деген топ шийилер көбүрөөк добуш алып, Улуттук жыйында көпчүлүктү түзөт деп үмүттөнөт. Жыйындын негизги максаты - өлкөнүн жаңы конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу.

Шайлоо комиссиясынын өкүлү ырастагандай, утурумдук президент Гази ал Йавер менен премьер Айад Алави керектүү кагаздарын тапшыра элек.

Талапкерлердин тизмелери аныкталып бүткөндөн кийин 60 миллион чакты бюллетень басып чыгарыла баштайт. 30-январда 275 орундуу Улуттук ассамблея менен кошо жергиликтүү кеңештер, Күрдистандын улуттук кеңешинин мүчөлөрү да шайланмакчы.

Шайлоо күнү 9 миңдей добуш берүү участкасы ачылмакчы.
Добуш бергендер каттодон өткөндүгүн күбөлөндүргөн документин көргөзүүгө тийиш. Ошол документ 1990-жылы берилген азык-түлүк карточкаларына негизделип, чыгарылган.

Шайлоонун жүрүшүнө саясий партиялардын, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана башка байкоочулар көз салып турушмакчы. Багдад өкмөтү БУУнун жана башка эларалык институттардын байкоочуларын да чакырды.

26 миллиондуу калктын 60 проценттейин шиий мусулмандары түзөт. Суннилердин өкүлү - Саддамдын режими учурунда басмырланып келген шийилер эми саясий реванш алууга даярданып жаткандай. Суни арабдардын айрым өкүлдөрү болсо америкалык аскерлердин Фаллужадагы иш-аракеттерине нааразылыгын билдирип, шайлоону байкот кылууга үндөштү. Кээ бир күчтөр болсо өнөктүктү кийинкиге жылдырууну сунуш этишти. Бирок өкмөт добуш берүү мурда пландалгандай эле 30-январда өтөт деп кайталап келатат.

Козголоңчулар болсо шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында америкалык жана жергиликтүү аскерлерге кол салууларын күчөтүп жатат.
Жекшембиде белгисиз бир адам полиция кызматкерин өлтүрүп, экинчисин жарадар кылды. Арбил шаарында болсо бомба коюлган автомашина жарылды. Ишембиде Анбар вилайетинде америкалык бир жоокер окко учту. Ассошейтед пресстин маалыматына ылайык, согуш башталган былтыркы март айынан бери Иракта курман болгон америкалык аскерлердин саны 1 миң 287 кишиге жетти.

XS
SM
MD
LG