Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

Абхазиядагы таймаш биротоло токтодубу


Амирбек Усманов, Прага Абахазиядагы президенттик шайлоодо жеңип чыкканын айтып, жаат-жаатка бөлүнгөн тараптар дүйшөмбү күнү жаңы шайлоого өткөрүүгө макул келишти. Мындай келишим, Абхазия 1990-жылдардын баш ченинде өзүн Грузиядан күнкорсуз деп жарыялагандан бери, аны саясый-экономикалык жактан жөлөп-таяп келаткан Россиянын арачылыгы менен түзүлдү

Буга оппозиция башчысы Сергей Багапш жана мурдакы премьер-министр Раул Хажимбанын тарапкерлери нааразы. Алар январь айына белгиленген кайра шайлоону Москванын өкүмзордугу катары көрүшүүдө.

Кара деңиз жээгиндеги республикада 3-октябрда өткөн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп ырасмий жарыяланган Сергей Багапштын жаңы шайлоо өткөрүүгө жана атаандашы Раул Хажимба менен бир командада иштөөгө макулдук берүүсү оппозицияга күтүүсүз окуя катары бааланды. Эл аралык телеканалдар көрсөткөн автоматчан жоокердин абалы, Багапштын колдоочулары эмес, экс-премьер-министр Раул Хажимбанын лагериндеги да маанайды таамай чагылдырат:

–Мен бул куралды акыркы 12 жылда колумдан түшүрбөдүм. Мен “бирдиктүү команда” деген сөздү уккум келбейт. Мага мунун баары жакпайт.

Россиянын “Известия” гезитинин жазганына карганда, Багапш өз лагерин жоошутуу үчүн шайлоочуларга жардам сурап да кайрылды.
Сухумиде чыккан бейөкмөт “Чегемская правда” гезитинин башредактору Инал Хашигдин “Эркин Европа/ Азаттык” радиосуна билдиргендей, Багапш каршы лагерь менен мунасага барып, өлкөнү ич ара согуштан сактап калды:

-Оболу Багапштын жактоочулары аны такыр түшүнүшкөн жок. Айрымдар аны биздин кызыкчылыкты жана жалпы идеяны сатты деп да күнөөлөштү. Эң башкысы, Багапш башынан эле өз ара макулдашууга ачык эле. Оппозицияда башка бир колу катуу лидер болсо, мунун баары кырды-бычак менен аякташы мүмкүн болчу. Кечээ дүйшөмбү күнү Багапш менен анын тарапкерлери араздашып жатканы айтылса, бүгүн абал жөндөлүп калды. Багапшка мунасага баруудан башка жол жок эле.

Январдагы кайра шайлоого Багапш президенттикке, Кажимба вице-президенттикке талапкер ирети катышышат. Өз ара макулдашуу боюнча, Хажимба республиканын куралдуу күчтөрү баш ийет жана анын командасына курама өкмөттөгү портфелдердин 40 проценти тиейт.

“Граждандык коом” аттуу жергиликтүү журналдын редактору Надежда Венедиктованын сөзүнө караганда, береги шартка Багапшанын тарапкерлери көнгөнгө чейин дагы убакыт керек:

-Мунаса келишими жарыяланганда, көптөгөн шайлоочулар айран калышты. Алар кимдир бирөө аларды алдап, сызга отургузуп кеткендей абалда . Багапш адамдардын мындай маанайын өзгөртө алабы? Эл бир тыянакка келеби? Аны айтуу кыйын. Хажимбаны жактагандар да өзүнчө кыжаалатка батышкан. Алар бир нече айдан бери Багапшты Грузиячыл деп күнөөлөп келишсе, эми анысы чын чыкканын айтышууда. Ошон үчүн, Хажимбанын колдоочуларына жаңы кырдаалга ынануу, Багапштын жактоочуларына салыштырганда бир кыйла кыйын болот.

Россиянын Абхазия өзүн эгемен жарыялагандан бери анын башында турган Ардзинбага караганда сөзгө жеңил ийбес Багапш менен кандайча тил табышканы али беймаалым. Кремль мурда Багапш бийликке келсе, республика экономикалык камоого алынат деп коркутуп, алтурсун Москва-Сухуми темир жолун жаап да салган эле. Ал эми оппозиция лидери Багапш менен бийликтен кетип жаткан Ардзинба колдогон Хажимба өз ара мунасага келген жекшемби күнү Россия темир жол каттамын кайра ачып, Абхазиядан ситрус жемиштерин ташууга тыюу салуу санитардык абалдан улам киргизилген убактылуу чара болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG