Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Укук коргоочу А.Абдрасулова аны уурдап кетүүгө аракет кылышты деп билдирүүдө


БИШКЕК. Белгисиз бирөөлөр укук коргоочу, «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованы 26-ноябрда телефон аркылуу жолугушууга чакырып, аны күч менен белгисиз жакка алып кетүүгө аракет жасашкан. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Азиза Адрасулова журналистерге билдирди.

Анын маалыматына караганда, белгисиз бирөө Бишкектеги «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүнүн алдында ойнотулган лотереядан сыйлык утуп алгандыгын айтып, жеңип алган буюмун алып кетүүнү өтүнүп чакырышкан. Жолугушууга келген эки адамдын бири - ички иштер министрлигинин ага лейтенанты Дания Сапарбеков экендигин күбөлөндүргөн документин көрсөткөн. Көп өтпөй алар Азиза Абдрасулова алып жүргөн мобилдик телефон уурдалган аппарат экендигин айтышып, Абдрасулованы белгисиз жакка алып кетүүгө аракет жасашкан. Ага Азиза Абрасулова менен кошо барган Сыртпай Турусбеков жолто болуп калган.

Азиза Абдрасулованын жогорудагыдай билдирүүсүнө аталган маалымат жыйынына катышкан ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов жооп берди. Ал «милиция кызматкерлери Азиза Абдрасулованын алып жүргөн мобилдик телефон аппараты уурдалган аппарат болгондуктан ошону териштирүү үчүн Абдрасулова менен жолугушушкан» деп түшүндүрдү.

Жолдошбек Бусурманкуловдун мындай маалыматын Азиза Абдрасулова жокко чыгарды. Абдрасулова өзү колдонуп жүргөн телефон аппараттын «Фридом Хауз» эларалык уюмунан убактылуу пайдаланууга алгандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG