Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

РУМЫНИЯ: ПОСТКОММУНИСТТИК ПРЕЗИДЕНТТИ КИМ АЛМАШТЫРАТ?


28-ноябрь - Румынияда президенттик жана парламенттик шайлоо күнү. 18 миллиондой шайлоочу он эки талапкердин арасынан өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусун ыкчамдатууга кудуреттүү жетекчини тандашмакчы. Добуш берүү бир эле айлампа менен чектелбей турганы азыртадан эле айкын болууда. Андыктан Румыниянын жаңы президентинин ысымы дагы эки жумадан кийин гана белгилүү болот деп болжолдонууда.

Талапкерлердин бири, өлкөнүн азыркы премьер-министри, Социал-демократтардын лидери Адриан Настасенин партиясы коммунисттердин мураскери катары бааланып жүрөт. Бирок өкмөт башчы өзү айткандай, анын европалык лидерлер менен болгон жеке алакалары Румыниянын биримдикке кирүү шанстарын арттырат.

Настасенин негизги атаандашы, баш калаа Бухаресттин мэри Триан Басеску тажрыйбалуу саясатчы болбогону менен, бийликтеги партияны коррупция, антидемократиялык иш-аракеттери үчүн сындап, эл арасында популярдуулукка жетише алган.

Мурдагы деңиз капитаны Басеску Евробиримдик талап кылган реформаларды жүргүзүп, өлкөнүн шаркетке кирүүсүн камсыздайм деп убада берип келатат. Мэр ошондой эле Румыния АКШ баштаган антитеррордук коалицияга катышууну уланта бериш керек деп эсептейт. Ушу тапта Иракта румыниялык 700дөй жоокер бар.

Бухарест 2007-жылга карай Евробиримдикке кошулууга үмүт кылат. Бул үчүн өлкөдө кеңири жайылган коррупция жоюлуп, сөз эркиндиги камсыздалууга тийиш.

Учурда мамлекет телеканалдардын басымдүү бөлүгүн көзөмөлдөйт. Алардын салык боюнча карызы миллиондогон долларды түзөт. Андыктан телеканалдар өкмөттүн дотацияларына көз каранды.

Президенттикке дагы бир талапкердин ысымы көп айтылууда. Улутчулдардын лидери, акын Корнелиу Вадим Тудор, элдин пикирин сурап билүүлөр көргөзгөндөй, добуштардын 13төй процентин алышы мүмкүн. Шайлоо алдында Тудор өзүнүн көнүмүш улутчул реторикасынан баш тартып, “бийликке келсем 48 сааттын ичинде коррупцияга малынган бүтүндөй мафияны камайм”, - деп сөз берди. Байкоочулар Тудор 2000-жылкы ийгилигин бул жолу да кайталайт деп айтууга негиз жок дешет. 4 жыл илгерки парламенттик шайлоодо улутчулдар 2 орунду ээлешкен.

Сурамжылоолорго караганда, ат салышууга катышып жаткан калган 9 талапкердин шанстары төмөн. Мыйзам боюнча биринчи эле турда жеңип чыгыш үчүн кандидаттар добуштардын 50 процентин алууга тийиш. Андыктан 12-декабрда шайлоонун экинчи айлампасы болот деп күтүлүүдө.

-Эки жумадан кийин экинчи тур болоору айдан ачык. Азыр Настасе менен Басескунун кимиси көбүрөөк мүмкүнчүлүккө ээ экенин айтуу кыйын. Экинчи айлампада негизги чечүүчү фактор улутчулдардын партиясы болмокчу. Тудордун партиясынын добуштарын кимиси жеңип алууга жетишсе, ошол кандидат президент болуп калат. Бул таңгалычтуу угулганы менен, азыркы кырдаал дал ушундай, - дейт бухаресттик журналист Раду Бушнаг.

Жеңүүчү азыркы президент Ион Илиескунун ордун басмакчы. Жогорку кызматты 3 мөөнөт ээлеп келген Илиеску бийликтеги партиянын атынан Сенаттын мандаты үчүн ат салышууда.

Ал эми парламенттик шайлоодо бийликтеги социал-демократтар менен Адилеттик альянсы добуштардын 40 пайыздайын алышат деп болжолдонууда. Румын парламенти 314 орундуу Өкүлдөр палатасынан жана 134 орундуу Сенаттан турат. Депутаттык креслону ээлеш үчүн партиялар 5 проценттик чектен өтүүгө тийиш.

Оппозиция бийлик шайлоонун учурунда бурмалоолорго барышы ыктымал деп, өзүнүн эсептөө системасын колдоноорун жарыялаган. Өкмөт мындай айыптоолорду четке кагууда. Добуш берүүгө 3 миңден ашуун жергиликтүү жана 50 чакты чет өлкөлүк байкоочу катышууда.

Сүрөттө: Президенттикке талапкер - Бухаресттин мэри Триан Басеску коррупцияга сөөмөй кезеди.

XS
SM
MD
LG