Ал эми ички иштер министрлиги, улуттук коопсуздук кызматы, оппозиция өкүлдөрү бул окуяга эч кандай тийешеси жоктугун билдиришти. «Акаевге отставка жана эл үчүн реформа» кыймылы дүйшөмбү күнгө чейин укук коргоочу табылбаса өлкө аймагында Турсунбек Акун баштаган ишти улантып, мамлекет башчысын кызматтан кетирүү үчүн кол топтоого жапырт киришээрин билдиришти. Бул маселе «Азаттыктын» "Бетме-бет" уктуруусунда да талкууга алынып, ага Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Жолдошбек Бусурманкулов жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Кыргызстан элдик кыймылынынын төрага орун басары Азимбек Бекназаров катышты.
Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстан адам укугун коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун дайынсыз болуп кетиши коомчулуктун көңүлүн бурдурган окуяга айланды. Буга чейин Кыргызстанда мындай окуя болбогондугун тартип коргоо органдары да, саясатчылар да айтышууда. Айрым эксперттер укук коргоочунун жоголушу өлкөдөгү саясый кырдаалды курчутаарын эскертишүүдө.
Тектеш