Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Укук коргоочуга байланыштуу митинг болот


БИШКЕК. "Кыргызстан элдик патриоттук кыймыл" бул уюмдун төрагасы Турсунбек Акундун дайынсыз жоголгондугуна байланыштуу 23-ноябрда эртең мененки саат тогуз жарымдан тарта өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрөт. Мындай маалымат бүгүн кыймылдын жетекчилеринин бири Нурлан Мотуевден алынды. Анын билдирүүсү боюнча, митингге укук коргоочунун жоголгондугуна кайдыгер эмес атуулдар катышып, анын тезинен табылышын бийликтен талап кылышат.

Турсунбек Акундун атасы Кыйты Мусабеков да митингге катышаарын жана уулу табылбаса өкмөт үйүнүн алдында өзүнүн жанын кыюуга барарын «Азаттык» радиосунун кабарчысына берген интервьюсунда минтип билдирди:

-Эгерде уулумду бошотуп, аман-эсен колума салып бербесе өлбөгөн жерде калам. Бензинди чөнтөгүмө салып алам дагы Ак үйдүн алдына барып, ширеңке чагып жиберип өрттөнүп өлөм.

«Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев да митингге партиянын мүчөлөрү катышаарын билдирди жана Турсунбек Акундун жоголушуна оппозиция өкүлдөрүнүн катышы болушу мүмкүн деген божомолду четке какты. Анын айтымында, оппозиция өкүлдөрү буга чейин да жана мындан кийин да адамды каткан булганч аракетке барбайт.

Ал эми бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева Турсунбек Акундун жоголушуна үчүнчү күчтүн тиешеси болушу мүмкүн деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG