Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Россияда тоталитаризм болбойт


Буга президент Владимир Путин бекем ишенет. Тоталитаризмдин кайсыдыр бир түрүнө кайтканга Россия тандап алган тарыйка өзү жол бербейт, деп айтты Путин чилилик журналисттер менен маектешүү учурунда. Ошол эле учурда демократия дегенди баарына жол койгон башаламандык, ал эми рынок эркиндигин мамлекетти жана улуттук байлыкты карактап алуу укугу катары түшүнгөнгө да болбойт. Кыскасы, Россия анархия эмес, демократия курууну көздөйт, деп билдирди орус президенти. Путин бүгүн Сантьягого жөнөп кетти. Бу жерде Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форуму ачылат. Форум маалында Путин АКШнын президенти Жорж Буш жана башка лидерлер менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG