Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:10

Сирия-Кыргызстан 0-1


Кыргызстандын футболчулары 2-этапта Тажикстан, Сирия, Бахрейни өлкөлөрү менен бир топко түшкөн. Натыйжада, Тажикстан, Бахрейн командаларына утулуп Сирия менен Бишкекте тең чыгып, кийинки айлампага чыга албай калды. Кыргызстандын командасы дагы 6 оюн өткөрдү. Сириядагы беттешүүдө алар Кыргызстандын командасын сөзсүз утууну максат кылышкан. Бирок, кыргызстандык футболчулар бул оюнда сириялыктарды өз жеринде 1:0 эсебинде жеңип алды. Атаандаштардын дарбазасына топту Бишкектин «СКА–Шоро» командасынын коргоочусу Вячеслав Амин 80-мүнөттө таамай тээп киргизди. Ошентип, сириялыктар жеңилүүгө учурап, 3-этапка чыкпай калды. Бул 8-топтон бардык атаандаштарын жеңген Бахрейндин командасы кийинки турга чыкты.
Азиядагы 32 команданын 8 тобунун жеңүүчүлөрү 3-этапта күч сынашып, 2006-жылы Германияда өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына Азия аймагынан 3 командага гана катышуу укугу берилген.


Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Азиза Турдуева менен Аманбек Дилденбай жана облустагы кабарчылар даярдашты

Интернет барактын редактору Султан АКИМ.

XS
SM
MD
LG