Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:58

ЭКС-ЭЛЧИЛЕР БШКнын ТӨРАГАСЫНА НААРАЗЫ


Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиси болуп иштеп келген үч атуул бейшемби күнү маалымат каражаттарына билдирүү таратышты. Экс-элчилер анда "Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевди мурда элчи болуп иштеген атуулдардын парламенттик шайлоого катышуусуна бөгөт коё баштады" деп билдиришти.

Билдирүүнү КМШнын аткаруу катчылыгынын төрагасынын орун басары болуп иштеген Үсөн Сыдыков, Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Медеткан Шеримкулов жана Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов таратты. Билдирүү таратууга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин "акыркы беш жыл ичинде Кыргызстандын аймагынан тышкары жерде жашаган атуулдар, анын ичинде элчилер эмдиги жылы болчу парламенттик шайлоого катыша албайт" деп, «Слово Кыргызстана» гезитинин 8-ноябрдагы санына жарыялаган түшүндүрмөсү түрткү болду.

Сулайман Иманбаев өз түшүндүрмөсүндө чет өлкөлөрдөгү элчиликтер жайгашкан жерлер Кыргызстандын аймагы деп эсептелбесин баса белгилеп, мурдагы элчилер Конституциянын 56-беренесининин 1-пунктуна ылайык парламенттик шайлоого катыша албай тургандыгын жарыя кылган. Билдирүү тараткан элчилер Иманбаевдин мындай түшүндүрмөсү бийликке жакпаган элчилерге атайын бөгөт коюу үчүн жасалды деп баалашты. Ал тууралуу Мамбетжунус Абылов минтет:

-Бийликте турган кээ бир адамдар парламенттик шайлоого дипломаттардын катышуусун каалабай жатат окшойт. Ошон үчүн кандайдыр бир шылтоо таап, катыштырбай коюуга аракет кылып жаткандай сезилүүдө. Болбосо Борбордук шайлоо комиссиясынын Конституцияга каршы аракетке баруусуна негиз жок. Төрага Сулайман Иманбаев өзүнөн-өзү эле түшүндүрмө берип жатат. Бийлик муну менен парламентке өзүнүн чөнтөгүнө салып ала тургандай адамдар келсин деп аракет кылып жаткандай көрүнөт. А бизде тажрыйба бар жана парламентке келсек өз көз карашыбызды эч кимден коркпой, элдин кызыкчылыгы үчүн айта ала турган мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бийлик ушуга бут тосуп жатканы көрүнүп турат.

Мамбетжунус Абылов бул билдирүү өздөрүнүн гана эмес, чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн жалпы дипломаттардын атуулдук укугун коргоо үчүн жасалып жаткан аракет экендигин да баса белгиледи.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Нина Мухина Сулайман Иманбаев түшүндүрмөнү эч кандай саясий максатсыз эле Конституция жана Шайлоо кодексининин талаптарына ылайык жарыялагандыгын билдирип, аталган жобого нааразы болгон экс-элчилер жобону өзгөртүү сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылууга укуктуу экендигин айтты.

Билдирүүнү экс-элчилер президентке, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасына да жолдоп, Шайлоо кодексининин аталган жобосу боюнча түшүндүрмө берүүнү суранышты. Кайрылуу палатанын тиешелүү комитетинде жакын арада талкууланмакчы.

Ал эми ага чейин биз пикирин сураган депутаты Ишенбай Кадырбеков экс-элчилердин Борбордук шайлоо комиссия төрагасына койгон кинесин негизсиз деп баалады. Анын түшүндүрмөсү боюнча, шайлоо укугу активдүү жана пассивдүү деп экиге бөлүнөт. Атуул кайсы өлкөдө, канча мезгил жашабасын шайлоого укук берүүчү активдүү укуктан аны эч ким ажырата албайт. Ал эми шайланууга кандайдыр бир чектерди коюучу пассивдүү укукка ылайык өлкө аймагында беш жыл жашабаган атуулдар, анын ичинде элчилер шайлана алышпайт.

"Ушундан улам БШК төрагасынын түшүндүрмөсүн саясий максат менен жасалган аракет деп баалоого болбойт" дейт Ишенбай Кадырбеков:

-Бул маселе боюнча президентти же Сулайман Иманбаевди кинелеш туура эмес. Себеби, бул норма мурдагы Шайлоо кодексинде деле бар болчу жана ал кодекстин жаңы редакциясына да киргизилди.

Экс-элчи Мамбетжунус Абылов депутаттын мындай билдирүүсүнө макул эмес:

-Кыргызстандын Конституциясында активдүү жана пассивдүү укук деген түшүнүк жок. Анда бир гана шайлоого жана шайланууга укук бар.

Экс-элчилер өз билдирүүсүндө БШК төрагасы Сулайман Иманбаев ырааттуулуктан тайды деп да билдиришти. Ага Конституциянын 1993-жылдан бери өзгөртүлө элек 56-беренесинин негизинде эле мурун Кыргызстандын чегинен тыш жерде көп жыл жашаган Чынгыз Айтматовдун депутат болуп шайлангандыгы далил болоорун эске салышты.

Борбордук Шайлоо комиссиясын төрагасын жана президентти иштен кетүүнү бир айдан бери талап кылып жаткан Кыргызстан элдик-патриоттук кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун баамында экс-элчилердин мындай жүйөөсү абдан орундуу:

- Булар туура айтат. Каалагандарын шайлоого катыштырып, каалабагандарды жибербей коё тургандай, мыйзам буйлалаган төө эмес. Биз эмне үчүн Сулайман Иманбаевди кызматтан алсын деп жатабыз? Ал түрдүү шылтоолорду таап, оппозициянын лидерлеринин артынан түшүп жатат. Ага мына ушул түшүндүрмө мыкты далил.

Ал эми Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев комиссия шайлоону адилет өткөрүүгө бардык аракет жумшап жатат деген бекем ишенимде:

- Шайлоо татаал процесс. Шайлоо өнөктүгүн Шайлоо кодексине жана эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүү шайлоо комиссияларынын негизги милдети. Азыр ошого болгон аракеттердин баарын жумшап жатабыз жана аны так аткарууга милдеттүүбүз.

XS
SM
MD
LG