Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

КӨМҮСКӨ БИЗНЕСТИН КӨЛӨКӨСҮ ЖАНА САЛЫК ЖҮГҮ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда ички дүң продуктынын 30 пайызы көмүскө бизнестин айынан жоготууга учурап келет. Кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев бул көрсөткүчтү азайтканга чоң аракеттер жумшалып, бирок аны жоюуга узак убакыт талап кылынарын айтууда. Ал эми президент Аскар Акаев ушул күндөрү иштелип жаткан жаңы Салык кодекси ишкерлерге жагымдуу шарт түзөт деп санайт. Бирок эларалык жана жергиликтүү эксперттер бийлик бутактарындагы коррупциянын тамыры кыркылмайынча жана өлкөдөгү салык саясаты түптамырынан өзгөрмөйүнчө ишкерлердин жүгү жеңилдебесин ырасташууда.

Кыргыз бийлиги өлкө казынасы көмүскө бизнестин айынан чоң жоготууларга учурап жатканын моюнга алат. Салык төлөбөштүн айласын кылып, жашыруун иштеп жаткан ишкерлерди мындай жолду тандоого мажбурлаган себеп катары коррупция менен салык жүгүн атйышат эксперттер.

Жакында эле Бишкекте өткөн донорлор жыйынында эларалык эксперттер Кыргызстанда коррупциянын тамыр жайышы бизнестин өнүгүшүнө да залакасын тийгизип атканын белиглешти. Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Денис де Трей мындай дейт:

- Мамлекет башчы жана өкмөт дагы коррупцияга каршы бардык аракеттерди жасашууда. Бул жана башка эларалык иликтөөлөр да бул өлкөдө бизнес жасаганга жагымдуу шарттын жоктугун көрсөтүүдө. Демек, кайсы бир деңгээлде коррупция бар болсо керек.

Ал эми премьер-министр Николай Танаев ырасташынча Кыргызстанда ички дүң продуктынын 30 пайызын көмүскө бизнес түзөт. Өкмөт башчы ишкерлерди көмүскө бизнеске түрткөн айрым себептерди атады:

-Биздин эсеп боюнча ички дүң прордукциянын 30 пайызын көмүскө бизнестин айынан жоготобуз. Бул деген айсбергдин бир бөлүгү, анын ичинде коррупция жатат, анда мыйзамдагы мүчүлүштүктөр жатат. Ар жолу бул көрсөткүчтү азайтыш үчүн далалат кылып келебиз.

Николай Танаевдин айтымында, коррупцияны жоюп, ишкерлерге кирешелүү шарт түзүш үчүн коррупцияга каршы мыйзамдарды иштеп чыгып, болгон аракеттер жумшалууда.

"Азамат-ойл" корпорациясынын президенти Токтосун Мадияров ишкерлер оболу салык жүгүн көтөрө албай жатышат деген ойдо. Анын айтымында, салыктын көп түрүнөн жана өлчөмүнөн качкан ишкерлер көмүскө бизнестин көшөгөсүнүн артында иштеп келет.

Мамлекет башчысы Аскар Акаев жаңы Салык кодексинин зарылдыгын айтып келет. Президенттин ою боюнча ушул күндөрү иштелип аткан жаңы Салык кодексинде бир катар прогрессивдүү, керек болсо радикалдуу кадамдар каралган. Аскар Акаев жаңы Салык кодекси жеке сектордун ыкчам өнүгүшүнө огожо болот деген ишенимде.

Учурда жаңы Салык кодексинин алгачкы варианты иштелип чыкты. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары бул Салык кодексин талкуулаш үчүн атайын Улуттук форум чакыруу сунушу менен чыгышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдиргенге караганда, жаңы Салык кодекси жакын арада парламенттин кароосуна келип түшөт. Бирок анын иштелип чыгышына ишкерлер өздөрү начар катышкандыктан ишкерлер үчүн жеңилдик бере турган мүмкүнчүлүктиөр аз камтылды.

Акылбек Жапаровдун айтымында, кыргыз өкмөтү анын ичинде финансылык органдар активдүү иштегендиктен жаңы Салык кодексинде салыкты так жана көп чогултуунун айлалары көбүрөк эске алынды.

Депутат Жапарповдун оюнда кыргыз бийлиги салык саясатын башка нукка буруп, ишкерлер үчүн жөнөкөй ыкма киргизүү менен автожол, чукул кырдаалдар өңдүү салыктарды жоймойунча ишкерлерди көмүскө экономикадан сууруп чыгыш кыйын болот.

XS
SM
MD
LG