БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн «Табигый монополдук ишканалар жөнүндөгү мыйзамга кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык өкмөттүн алдындагы Энергетика агенттигинин укуктары бир топ кеңейтилди. Тагыраак айтканда, аталган мыйзамга президент кол коюп, күчүнө кирсе өкмөттүн алдындагы Энергетика агенттиги өлкөдө өндүрүлгөн электр энергияга болгон тарифтердин аныкталышын көзөмөлдөө укугуна ээ болот.
Ошондой эле эгерде электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалар өндүрүүчүлөрдүн укугун буза турган болсо, аталган мыйзамга ылайык Энергетика агенттиги аларга каршы тиешелүү чараларды көрө алат.
Конституциянынын 66-беренесине ылайык мамлекет башчысы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамга бир айдын ичинде кол койот же аны өзүнүн каршы пикирин билдирип Жогорку Кеңешке кайрадан кароого жиберет.