Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

УЛУТТУК БАСМА СӨЗДҮН МАЙРАМЫ


7-ноябрь Кыргызстанда улуттук басма сөз күнү катары белгиленет. Жекшембиге туш келген майрам бул ирет дүйшөмбүдө да улантылды. Кош майрамга туш келген кыргыз басылмаларынын көбү аптанын аягында же шаршембиге которулуп чыгууда. Ошондон кеп оролун ушу тапта чыгып аткан журналдардын тегерегинде улантуу зарылдыгы чыгууда.

Ансыз деле аптанын эки күнүндө, болбосо жумалык катары чыгып келаткан кыргыз басылмаларынын катары кийинки жылдары кыйла эле суйдаң тартып кетти. Каржылык кыйынчылыкка кабылып кыйладан бери «Учкун» гезити чыкпай турат. Анын чоо-жайын журналист Калил Жамгырчиев мындайча түшүндүрөт:

- Биздин «Учкун» газетабыз материалдык кыйынчылыктан улам убактылуу чыкпай турат. Жакын арада чыгарабыз деген ниетибиз бар. Кыргыз гезиттеринин үзгүлтүк менен чыгып аткандыгы кыргыз окурмандарынын аздыгы, гезиттердин финансылык абалынын начардыгынан.

Адабий-көркөм «Жетимен» журналынын эки саны окурмандардын колуна тийип чоң кызыгууну жаратты. Ушу тапта журналдын 3-саны даярдалып, жарыкка чыгуу алдында турат. Журналда жарыяланып аткан материалдар тууралуу анын башкы редактору Аскер Сакыбаева айтып берет:

- 1-2-номурда чыккан жакшы деген материалдардын уландылары чыгып атат. Жаңы материалдар да жарык көрүүдө. Жаңы жылдын алдына чейин журналдын 4-номурун даярдап чыгарып койсокпу деген оюбуз болуп атат. Турмуш деген башкача экен да. Ай сайын дедик эле, аныбыз кварталга чейин кетип калды. Эми квартал болсо деле үзгүлтүк кылбай чыгарып турсак деген тилегибиз бар. Мурда журнал чыгарып жүргөн, анын түйшүгүн билгендер журналдын жашап кетиши үчүн бери дегенде үч жыл, ары дегенде беш жыл өтөт, деп айтышат.

«Замандаш» журналында саясий темалардан жергиликтүү кеңеш шайлоонун жыйынтыгы, жаңы сыноо даярдыгы, Орусияда жүргөн кыргызстаныктардын көйгөйү басымдуу орун ээлейт. Аны журналдын башкы редактору Абдыкерим Муратовдон уксак.

- Журналдын жаңы санында менчиктештирүүнүн күңгөй-тескейи тууралуу сөз болот. Талкууга парламент депутаттары Марат Султанов менен Ташболот Балтабаев катышат. Анда менчиктештирүүнүн көлөкө жактары, жетишкендиктери тууралуу кеп болот. Анын натыйжасы кандай жыйынтыктарга келгени жөнүндө сөз болот. Бул санда Орусияда жүргөн кыргыздардын миграция проблемалары жөнүндө кеп болот. Кийинки кездери Орусиянын Мамлекеттик Думасы чет элдик атуулдар, анын ичинде кыргызстандыктар да чет элдик паспорту менен жүрүшү керек деген мыйзам кабыл алды. Чет элдик паспорту жокторду 2005-жылдын 1-январынан тарта өз өлкөсүнөн чыгарып жиберишет. Бул чоң проблемага байланыштуу Абды Жаркынбайдын макаласы жарыяланууда. Анда Тажикстан, Украина, Молдова өкмөттөрү Орусияга нааразылыгын билдирип жатканы, ал бизде болсо мамлекет буга анчейин маани бербей жатканы тууралуу кеп болот. Мунун натыйжасында, биздин Орусияда жүргөн атуулдарыбыз куулуп чыгышы мүмкүн экендиги баяндалат. Ошондой эле жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы, парламент шайлоо даярдыгы эртелеп эле башталганын айтып пикирин бөлүшкөндөрдүн макалалары жарыяланууда.

Кеп оңуту келгенде айта кетчү жагдай. Ушу кезге чейин көпчүлүк кыргыз басылмаларынын электрондук сайты жок. Негизгиси, кыргыз басылмаларында электрондук версиясы убагында чыгып, жаңы даярдалып аткан сандын материалдары ага күн мурунтан жайгаштырылыш салты жаңылана элек.Бул кыргыз журналистикасынын азыркы заман талабына шайкеш келбеген оркойгон мүчүлүштөрүнүн бири.
XS
SM
MD
LG