Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:04

КТРдин кызматкерине кол салынды


ОШ. 3-ноябрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка караганда Өзгөн–Ош жолунун жыйырманчы километринде өзүнүн кызматтык автомашинасында келе жаткан жеринде КТРдин оператору Ибрагим Ашуровду арттан автомашинасы менен келишкен, өздөрүн милиция кызматкерлери болобуз деп тааныштырышкан белгисиз эки адам токтотуп, эч кандай себепсиз эле коркутуп-үркүтө башташкан. Ибрагим Ашуровду уруп, муунткан адамдар анын чөнтөк телефонун жана автомашинасынын ачкычын алышкан соң, бул жөнүндө эч кимге айтпоосун эскертишип, Ош шаарын көздөй багыт алып кетишкен.

Бул окуя боюнча өз убагында ички иштер органдарына кабарланып, кол салууга барган адамдардын бирөөсү кармалды. Алдын ала иликтөөлөрдүн жүрүшүндө ал адам финансы полициясынын Ош жана Баткен облустары боюнча кызматкери Кабылбек Укулов болуп чыкты.

Жабырлануучу Ибрагим Ашуровдун пикирине караганда бул окуянын кызматтык иши менен байланышы болушу мүмкүн. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Ашым Райымбердиев аталган окуя боюнча кошумча иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, толугураак маалымат берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG