Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйыны 2005-жылдын бюджетин талкуулоодо


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасында 2005-жылдын бюджети карала баштады. Каржы министри Болот Абилдаев долбоор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, “экономикада макроэкономикалык туруктуулукту сактоого аракет жасалат. Акча-кредиттик саясат инфляцияга жол бербей, сомдун курсунун долларга карай туруктуулугун камсыз кылууга багытталат. Алдын ала божомолдоо боюнча ички дүң продукция 2005-жылы 100,8 млрд. сомду түзөт. Ал эми келээрки жылдын кирешеси 15 млрд. 670,5 млн. сомго барат. Республикалык бюджетке салыктан эле 12 млрд. 569,8 млн сом түшүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле бюджеттин чыгашасы 16 млрд. 173,2 млн сомго жетет”, - деди Болот Абилдаев.
Эл өкүлдөр жыйыны 2005-жылдын бюджетин талкуулоону жума күнү улантат.

XS
SM
MD
LG