Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

БЕСЛАН БОЮНЧА ЫРАСМИЙ МААЛЫМАТТАР БЕРИЛҮҮДӨ


Муса Мураталиев, Москва Бесланда мектепти барымтага алуу кандай болгондугу туурасында 8-сентябрда Орусиянын башкы прокурору Владимир Устинов президент Путин менен жолукканда айтып берди. Ошол эле кечте орусиялык армиянын генералдык штабынын жетекчиси Юрий Балуевский терорчулар базаларына озунуп сокку урулат деп айтты. Анализчилер, мындай опуза баарыдан мурда, чет өлкөлөрдө жашап аткан чечен жикчилдерине багытталган дешет.

Түндүк Осетияда бийлик кризиси башталды. Анын айынан өкмөт бүтүндөй иштен кетип атат. Президент Дзасоховдун өзү да иштен кетет дешүүдө. Ошол эле учурда Бесландын тургундарына орусиялыктардын жардам көргөзүүсү кызуу уланууда.

Шаршембиде Бесландагы барымтага алуу кандай болгондугун өлкөнүн башкы прокурору Владимир Устинов сыналгы аркылуу элге жарыя кылды. Буга дейре ар кыл айтылып келген айың кеп артта калды. Башкы прокурор мындай деди:

- Барымтага 1200дөн ашуун киши алынган. Бүгүнкү күндө 727 киши ооруканада дарыланып атышат. Курман болгондордун эсеби 326 кишиге жетти, - деди.

Мурда расмий бийлик барымтага алынгандардын санын аз кылып айтып келген.

Ошол эле кечте Орусия армиясынын башкы штабына жетекчи Юрий Балуев жер жүзүндө терорчулардын базаларына озунуп сокку урулаарын билдирди:

- (Дүйнөнүн – ММ) кайсы аймагында болбосун терорчулардын базалары турган жерлерди, анын түйүлдүктө кезинде жок кылуу үчүн болгон аракетибизди жасайбыз. Бул жерде биз ядролук куралды колдонуу жөнүндө айткай жокпуз, - деген болчу.

Орусиялык аскерий төбөлдөр "Норд Ост" кан төгүүсүнөн кийинки коогалаң чууда да терорчуларды кай жерде жүрбөсүн - аларды үйүндө олтурган жеринде да сокку урабыз деген. Бирок андай калаба болгон жок. Айтылуу Павел Фельгенгауэр айтканга караганда бул убаданын артында:

- Бул, кантсе да чечен жикчилдеринин өкүлү Ахмад Закаевдин көзүн тазалаш үчүн жасалган аракет, - жатат.

Кечөө расмий бийлик таркаткан дагы бир маалымат - Шамил Басаев менен Аслан Масхадовдун жашырынып жаткан жерин айтып берген кишиге бийлик 10 миллиондон ашык доллар сыйлык сыйганы болду. 9-сентябрда Лондондо Ахмад Закаев биздин радиого мындай деди:

- Басаевдин аракеттери – Путин жасагандардын натыйжасы болуп атат. Чындыгында биз бүгүн эки лидердин кармашынан улам: чечендер да, орустар да Басаев менен Путиндин барымтасындабыз, - деди.

Канткен менен орусия журтчулугу Бесландагы кайгылуу окуяга кабыргасы катуу кайышты. Калааларда тургундардын көчөгө чыгуусу болуп, жардам берүү, акча чогултуулар болуп атат. Алардын бири – шейшембинин түнү НТВ сыналгысында болду. Ал таң аткыча иштеп, ырчылар бекер оюн коюп беришти. Андан түшкөн каражат "Кызыл чырым" уюму аркылуу Бесланда каза тапкандарга, жарадар болгондорго жөнөтүлөт. «Сострадание» деп аталган ошол марафонду уюштургандардын бири Михаил Козырев ал түнү миллиондогон рубль акча чогулганын айтты:

- Мен, өзүм азыр эле интернетти карап олтуруп, эки жарым миллиондой рубль чогулганын көрдүм.

XS
SM
MD
LG