Тим Бөрнерс-Линин (Tim Berners-Lee) эң ири ачылышы – азыркы тапта биз эч нерседен кабатыр болбостон, интернет аркылуу окуп жүргөн тексттерди, биз көргөн сүрөттөрдү жана биз уккан аудио материалдарды интернетке ачык, бекер жана компютер чыгарган компаниялардын тоскоолдугусуз жайгаштыруунун усулу болду. Бул демократиялык мүнөздөгү усулду ал Worl Wide Web – “дүйнөлүк интернет желеси”, кыскача айтканда, «www» деп атаган.
49 жашар британдык окумуштуу бул интернет желесин сунуш кылган чакта башка технология мыкчегерлерине окшоп анын патентин алууга, бул желеге жеке басар кожоюн болууга ашыккан жок. Тескерисинче, аны бүт дүйнө жүзүндө ээн-эркин жана бекер колдонууга мүмкүнчүлүк берди. Ал өз ачылышы үчүн лицензия алуудан караманча баш тарткан. Ал 1991-жылы жараткан дүйнөлүк интернеттик желе азыр да жер жүзүндө ачык коомду курууга, маалымат эркиндигин чындап камсыз кылууга опол тоодой салым кошуп келет.
Соңку кездери кыргыз жаштары да интернеттен өз бурчун ээлеп, кыргызча, англисче, орусча, түркчө жана кытайча сайттарга байма-бай үн кошууда. «Азаттыктын» кыргызча сайтынан тышкары, АКШда Улан Мелисбек уюштурган, Бишкекте Жаныбек Жанызак, Томскиде Рустам Абдуманапов негиздеген жана башка сайттар жандуу кызыгууну туудурууда.
Ал эми ойлоп табуучунун бейнесине келсек, Тим Бөрнерс-Ли 1955-жылы капитализмдин чордондорунун бири болгон Лондондо жарык дүйнөгө келген. Женевада швейцариялык атактуу физикалык лабораторияда (CERN) иштеп жатып, ал интернеттик байланыштарды камсыз кылуучу универсалдык каражатты – «интернет желесин» ойлоп тапкан. Азыркы учурда ал АКШнын Бостон шаарында Массачусетс технологиялык институтунун алдындагы World Wide Web Consortium (W3C) деген илимий мекемени жетектейт. 2003-жылы ал илимий ачылыштары жана айкөлдүгү үчүн британдык падышалыктын жогорку сыйлыгын алган.
Финляндиянын Технологиялык Сыйлык Кору (The Finnish Technology Award Foundation) быйыл өзү уюштурган Миң Жылдык Технология Сыйлыгынын (Millennium Technology Prize) тушоосун кести. Үстүбүздөгү жылдын апрелинин 14үндө бул кордун кеңеши алгачкы сыйлыкты Тим Бөрнерс-Лиге ыйгаруу тууралуу бир добуштан чечти. 15-июнда Хелсинки шаарынын «Финляндия» жыйын залында бул сыйлыктын тунгуч ээсин куттуктоо аземи болду. Окумуштууга туңгуч сыйлыкты финн президенти Тарйа Халонен (Tarja Halonen) айым өзү тапшырды. Бул аземге удаалаш «Болочокку коом – болочокку технология» деген эл аралык илимий жыйын да өткөрүлдү.
Шведдердин Нобел сыйлыгына дээрлик теңдеш болгон финндердин бул жаңы технологиялык сыйлыгына 22 өлкөдөн 78 ойлоп табуучу окумуштуу талапкер катары көрсөтүлгөн. Айтмакчы, сыйлыкты негиздеген Финляндиянын Технологиялык Сыйлык Кору өзү 2002-жылы эле уюшулган. Сыйлыктык каражатты бул кор финн өкмөтүнөн да, жеке менчик ишкерлерден да топтоого жетишкен. Мындан ары бул сыйлык эки жылда бир ирет ыйгарылып турмакчы.
Айтмакчы, бул сыйлык – 1 миллион евро, башкача айтканда, 1 миллион 200 миң долларга турат. Бөрнерс-Ли өзү үчүн акча анча мааниге ээ эмес экендигин белгилейт. «Албетте, бала-чаканы окутуу үчүн тыйын-тыпыр керек деңизчи. Анын үстүнө, ашканадагы мешти оңдоп алуум керек эле, бул тыйын эми керекке жарайт ко», - дейт Бөрнерс-Ли.
Салыштыра кетсек, ушул тапта кичинекей технологиялык ачылыш жасаса эле, аны дароо патенттеп алууга далаалат кылгандар миллиондоп учурайт. Маселен, «Майкрософт» компаниясы алаканга батчу компютердин тийешелүү топчусун басып, керектүү программаны ачуу ыкмасын жакында АКШда патенттеп алды. 2002-жылы болсо Amazon.com компаниясы интернет аркылуу соода кылуунун бир ыкмасын өзүнө менчиктештирип алган.
«Дегиңкиси, - дейт Тим Бөрнерс-Ли «Интернешнл хералд трибюн» гезити үчүн курган маегинде, - бир күнү сиз китеп жазып калсаңыз, кайсы бир кишинин адвокаты артыңыздан келип текстиңизге көз чаптырып, «кечирип гана коюңуз, бирок баланчанчы саптар сизге эмес, бизге таандык!» деп талашаарын бөркүңүздөй көрө бериңиз».
Айтор, Тим Бөрнерс-Линин айкөлдүгү азыркы интернеттин дүркүрөп өнүгүшү үчүн жана ачык коомго жетүү үчүн олуттуу мааниге ээ болгонун анын замандаштары дурус эле аңдап калды көрүнөт. Буга далил – анын финндерден алган жогорку сыйлыгы.