Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

БРИТАНДЫКТАР ТОНИ БЛЭРДИ ИРАК СОГУШУ ҮЧҮН ЖАЗАЛАГАНДАЙ БОЛДУ


Британиянын башкаруучу партиясы – лейбористтер Англия менен Уэлстеги жергиликтүү кеңештерге шайлоодо олуттуу жеңилүүгө учурады. Лейборист премьер Тони Блэр жетектеген өкмөттүн Ирактагы саясатынын айынан анын партиясы оппозициячыл эки атаандаш партияга көптөгөн орундарын алдырып жибергени айтылууда.

Алдын-ала эсептөөлөргө караганда, өкмөттү бийлеп турган партия – лейбористтер жергиликтүү кеңештердеги бери дегенде 260тай орунду консерваторлор менен либерал демократтарга алдырып жиберишти. Жалпысынан, бейшембиде жергиликтүү депутаттык алты миңден ашуун орундан тышкары, Лондондун шаар акими кызматы жана Европарламенттеги орундар үчүн ат салышуу жүрдү. Ички иштер министри Дэвид Бланкетт жергиликтүү шайлоонун алгачкы жыйынтыгын өкмөт үчүн кемсинтээрлик мүнөздө болду деп баалады. Британ премьери Тони Блэрдин өзүнүн мойнуна алганына караганда, Ирактагы азыркы кырдаал көптөгөн шайлоочулардын лейбористтерге каршы добуш берүүсүнө түрткү болгон.

Мындай кырдаал Тони Блэрдин партиялык жетекчиликтен кетишин талап кылган анын партиялаш сынчыларынын чырагына май тамызды.

Лейбористтердин негизги атаандашы – консерватордук партия. 1999-жылы, маселен, Европа парламенти үчүн шайлоодо консерваторлор добуштардын 36 пайызын алып, 28 пайыз добуш топтогон лейбористтерди өз чаңы астында калтырган, бирок 2 жылдан кийин өткөн парламенттик шайлоодо Тони Блэрдин партиясы кайрадан атаандашын ишенимдүү түрдө жеңип чыккан.

Консерваторлор быйылкы жергиликтүү шайлоодогу добуштардын 38-40 пайыздайын алып, биринчи орунга чыгаары күтүлүүдө. Айрым серепчилердин оюнча, Торилер партиясынын Ирактагы согушту жактап чыккандыгы анын дагы бир кыйла болжолдуу добуштан кол жуушуна алып келди.

Албетте, расмий Лондон Иракта кырдаал жакшы жагына бурулса, анда келээрки жылдагы жалпы шайлоо лейбористтер үчүн оң аякташы мүмкүн деп да үмүт кылууда.

1-июндан тартып ишке киришкен ирактык жаңы убактылуу өкмөт тууралуу Тони Блэр ошол күнү мындай деген пикирин айткан:

- Бул жаңы өкмөт Ирактын 30-июндан кийин көз каранды эместикти жана толук эгемендикти алуусуна, андан соң, демократияга өтүүсүнө көмөкчү болот. Бул жараян ирактыктардын өз өлкөсүн туруктуу жана демократиялык системага ылайык башкаруусуна жетишүүсү үчүн мүмкүндүк түзмөкчү.

Ал эми жергиликтүү шайлоодо консерваторлордон кийинки экинчи орунга чыгып жаткан либерал-демократтар Ирактагы согушка каршы саясаты менен айырмаланат. Бул партиянын лидери Чарлз Кеннеди жума күнү азыркы жана болочокку шайлоолор тууралуу мындай деп билдирди:

- Келээрки жалпы шайлоо өлкөдөгү үч башка нуктагы күчтөрдүн өз ара атаандашуусунун шартында өтөт ко дейм. Биз Түштүктө жана Батышта көптөгөн аймактарда консерваторлор менен таймашып, аларды сүрүп чыга алдык. Эми биз лейбористтер менен таймашып, алардын кадыресе аймагы болгон Түндүктүн дал чордонунда аларды жеңип жатабыз.

Айтмакчы, быйылкы жергиликтүү шайлоонун жүрүшүндө британдык Жашылдар партиясы алгачкы жолу Манчестерде жана Оксфорддо жергиликтүү кеңештердеги депутаттык орунга жетишти. Улуу Британиянын Көз Каранды эместик партиясы деген чакан уюм да Дерби жана Халл шаарларында алгачкы жолу жергиликтүү кеңештерге шайланууга жетишти. Бул уюм Британиянын Европа Биримдигинен чыгып кетүүсүн жактайт.

Европа парламентине шайлоонун Британия боюнча жыйынтыгы жекшемби күнү айкын болмокчу.

XS
SM
MD
LG