Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:40

«АДИЛЕТ ШАЙЛОО ҮЧҮН» АТУУЛДУК КОШУУНУ, ОШТУК 125 ЖИГИТ АЛДАНДЫ, СҮЙҮНБАЙДЫН СҮЙҮҮСҮ


25-майда жарык көргөн “Агым” басылмасында жакында түзүлгөн “Адилет шайлоо үчүн” атуулдук кошууну тууралуу пикирлер жарыяланды. Ал эми “Аалам” басылмасы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын иш бөлмөлөрүнөн табылган тыңшоочу аппараттар боюнча депутаттык комиссиянын талкуусу тууралуу макалага орун берди.

25-майда жарык көргөн “Агым” басылмасы орто мектептерди аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө арнап, “Акыркы коңгуроо” деп ар кыл курактагы белгилүү инсандардын окуучулук күндөрү тууралуу эскерүүлөрүн берди.

Ушул эле «Агым» басылмасында дагы кандай макалалар жарыяланганы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- Мисир Ашыркулов, Өмүрбек Текебаев, Эмил Алиев, Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров, Марат Султанов жана Мелис Эшимканов болуп түзгөн «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук кошуунунун тегерегинде коомчулукта кандай сөздөр, пикирлер болуп жатат? Бул кошуун кандай иш- чараларды баштады, курамына дагы кимдер кирүүгө ниет кылууда? Мына ушундай суроолорго кызыккан окурмандар «Атуулдук кошуун: ким каршы, ким макул?» деген макаладан кеңири маалымат аласыздар. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым атуулдарынын иш бөлмөлөрүнөн табылган тыңшоочу аппараттар жөнүндө депутаттык комиссиянын жыйынтыгы тууралуу кабарчы Мамат Сабыровдун «Коңуздар коңулу табылдыбы?» деген макаласында сөз болот.

25-майда жарык көргөн «Аалам» басылмасы дагы айрым депутаттардын иш бөлмөлөрүнөн табылган тыңшоочу аппараттар тууралуу парламенттеги талкуудан репортаж жарыялады. Ошондой эле Оштон 125 жигитти Орусияга курулуш ишине алып барабыз деп, Бишкекке алып келишип, акчасын алдап, качып кетишкен алдамчылар тууралуу макалага орун берилди. Ушул басылмада жарыялаган макалалардын мазмуну менен жооптуу редактор Нарынкүл Назаралиева тааныштырды:

-Кыргызстанда учурда маңзаттарын колдонгондордун саны 80 миңден 100 миңге чамалап кетти. Мына ушул маселенин тегерегинде журналисттик иликтөө жүргүздүк.

Шаршембиге басууга даярдалып жаткан “Адабий гезитте” белгилүү адабиятчы, профессор Салижан Жигитовдун адабият көйгөйлөрү тууралуу маеги жарыяланууда. “Азыркы учурда кыргыз адабиятында классиктер да, классикалык чыгармалар да жок. Адабий табитти бузган, эч кандай идея, тарбиялык мааниси жок чыгармалар козу карындай жайнап кетти” дейт Салижан мырза. «Адабий гезит» басылмасындагы макалалардын мазмуну тууралуу редактордун орун басары Асанбек Кулманбетов мындай дейт:

- Жазуучу, акын Кадырбек Солпүевдин “Булбулдун сайраганы дагы жакпай калат” деген темадагы маеги жарыяланууда. Анда чыгармачыл адамдын жан- дүйнөсү, акындык өнөрдүн түйшүгү тууралуу ойлору бар. Жаштарга арналган рубрикада жаш акын Кенжегүл Өзүбекованын “Жеңил эмес, ойлуу, салмактуу ырларды жазгым келет” деген интервьюсу кетип жатат. Адабий сынга орун берилүүдө. Анда белгилүү акын Сүйүнбай Эралиевдин сүйүү лирикасы жөнүндө сөз болот.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG