Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

КЕРБЕН САБАКТАРЫ, АДИЛЕТТИК ИЗДЕГЕН ЭЛ, ЖОЛ ТОСКУЧТАР, АКШ КЫРГЫЗСТАН ШАЙЛООСУНА КЫЗЫКДАР


Эмдиги жылы өтүүчү кош шайлоо даярдыгы эмитен эле башталды. Батыш өлкөлөрү “Кыргызстан демократиялык талап-шарттарды так аткара алабы?” суроосун алдыга коюп байкоо салып туру. Аксы окуясынын эки жылдыгы Кербенде көп эл катышкан жыйында эскерилди. Азырынча кыргыз бийлиги андан олуттуу сабак ала элек. Убакыт өткөн сайын Аксы жарасы унутулбай, күчөй берет окшоп калды, деп белгилейт “МСН” гезити.

Аксы окуясынын жаңырыгы кийин кандай чыгаарын болжош кыйын. Кыргыз бийлиги өткөндөн сабак алууну үйрөнө элек, деп белгилейт бейшембидеги “МСН” гезитинде Замир Өсөров. Анын “Кербен сабактары” деген макаласында тынч жөө жүрүштө бараткандарды эси-көөнүнөн кеткис жазалаган бийликтин чыныгы жүзү кийин ачылары, тарых баарына так баасын берери айтылат. Аксы алааматынын 2 жылдыгын эскерүүгө чогулган 400 жакын калк бурганактап жааган карга карабай Шейит-Мазардан Кербен айылына чейин жөө келишти, деп маалымдайт автор.

Кыргызстан менен Грузиянын окшоштук жактары биртоп экени, антсе да Грузиянын жибек ыңкылабы Кыргызстанда кайталанбастыгы ушул эле гезиттеги Елена Скородумованын макаласында баяндалат. Грузиянын жаңы бийлиги күн кур эмес көрсөтмөлүү иштерди жасоодо. Колу туткак чиновниктерди түрмөгө салып, коррупцияга каршы күрөш жүрүүдө. Азербайжанда болсо бийлигин уулуна өткөрүп берип бу жарыкчылык менен кош айтышкан Гейдар Алиевдин аты республиканын бардык жерлерине коюлууда. Айрым байкоочулардын айтымында, Кыргызстанда бийлик алмашуусунун азербайжандык варианты кайталанып калышы ыктымал, деп белгилейт Е.Скородумова.

Парламент депутаты Өмүрбек Текебаевдин АКШ сапарынан алган таасирлери бейшембидеги “Общественный рейтинг” гезитинде жарыяланды. Ө.Текебаевдин айтуусунда, АКШ Кыргызстан эли шайлоо аркылуу тарыхый мүмкүнчүлүктү толук пайдаланышына, демократиялык негизде бийлик алмашуусуна жетишүүсүнө кызыкдар. Азербайжанда бийлик атадан балага өткөнүн көргөн Батыш өлкөлөрү кийинки кездери Кыргызстандагы президенттик шайлоого чоң үмүт артууда. Кыргызстанда бийлик демократиялык жол менен алмашылса, анын үлгүсү коңшу өлкөлөргө чоң таасир көрсөтөр эле, деп эсептейт Ө.Текебаев.

Кыргыз мамлекетинин бүгүнкүсү менен эртеңкиси жалаң эле шайлоого байланган эмес. Антсе да “бүгүнкү күндөгүдөй бийлик өзү үчүн, эл өз камы үчүн жүгүрүп жашай беришсе биздин мамлекетибиздин келечеги жок”, дейт жазуучу Султан Раев “Бешене” гезитинде. Ушул эле гезитте Таалайбек Абдылдаев эл бийликтен ажырап, кеңештер аким, губернаторлордун кол баласына айланып калгандыгы, кичинекей республикада облус менен райондордун көбөйүп, мунун натыйжасында трайбализмдин күнү тууп жатканына токтолгон.

Көлгө бараткандардын көңүлүн Балыкчыга жете бербей ачылган “Ак кеме” жол тосмосу кайт кыларын бейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити жазды.

Жума күнү жарыкка чыгуучу “Бишкек таймс” гезитинде жарыяланчу материалдар тууралуу басылманын жооптуу катчысы Базарбай Гапаров айтып бермекчи:

- Биздин даярдалып жаткан саныбызда табигый кырсыктар тууралуу кыскача маалымат берилип жатат. Ошондой эле Майлуусуудагы уран калдыктары төгүлгөн жердин абалын баяндаган материал жарыяланууда. Кыргызстан Жогорку сотунун төрагасы К.Осмонов менен интервью, ошондой эле Кыргызстан компартиясынын Чүй обкомунун 1-катчысы, парламент депутаты Бактыбек Бекбоев менен аңгеме, чечендер тууралуу маалымдама басууга даярдалууда. Элге Кожожаш катары белгилүү болуп кеткен актер Доктурбек Кыдыралиевдин бүгүнкү күндөгү чыгармачылыгы тууралуу аңгеме-дүкөн жарыялап жатабыз.

“Кыргыз рухунда” басууга даярдалып жаткан материалдар жөнүндө маалыматты гезит кабарчысы Уулкан Токторалиевадан уксак:

- Гезитибиздин бул санында “Кочкорлук дарыгерлердин акчасын ким жеди?” деген макалага орун берилүүдө. Ошондой эле Тажикстандын Согди облусунда жашаган этникалык кыргыздардын премьер-министр Николай Танаевге жазган ачык каты жарыяланууда. Бул санда “Ишенгүл Болжуровага эмне болду?” деген макала жарыяланууда. Басма сөздүн бүгүнкү жана эртеңки абалы жөнүндө “Сөз кимден көз каранды?” деген макалабыз бар. Ошондой эле “Грузиядан үлгү, Азербайжандан сабак алабызбы?” деген макала жарык көрмөкчү. Журналист Бакбурбек Аленов жөнүндө макала жарыяланууда.
XS
SM
MD
LG