Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

ТАЙВАН ПРЕЗИДЕНТИНИН ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛУУ АРАКЕТИ ЖАСАЛДЫ


Бүгүн Тайван президенти Чэн Шуйбян менен анын орун басары Аннет Лү шайлоо өнөктүгүнө арналган жыйынга бараткан маалында аткылоого кабылып, экөө тең жеңил жаракат алышты. Бул окуя түштүктөгү Тайнан шаарында болду. Бирок бийликтер ишембиге белгиленген президенттик шайлоо өз ирээти менен өтө берээрин маалымдашты.

Тайван президенти Чэн Шуйбян (Chen Shui-bian) менен вице-президент Аннет Лү (Annette Lu) айым аралдын түштүгүндөгү Тайнан шаарында ишембидеги президенттик шайлоо жана референдумга байланыштуу жыйынга катышуу үчүн баратышкан. Капысынан шаар көчөлөрүнүн биринде ок атылып, машинада бараткан президент жаракат алды.

Бул тууралуу президенттин кеңсесинин өкүлү Чиоу Ичжен (Chiou I-jen) маалымат каражаттарына мындай деп билдирди:

- Президент Чэн менен вице-президент Лү Тайнан шаарынын көчөлөрүндө баратканда аткылоого кабылышты. Бирок алардын өмүрү эч кандай коркунучта эмес.

Ичжендин маалымдашынча, атылган октор президенттин курсагын таарып өтүп, жанындагы вице-президенттин тизесин чийип кеткен. Бирок экөөнө тең бир эле ок тийдиби же жокпу, азырынча так маалымат берилген жок. Президент Чэн Шуйбян жана анын орун басары ооруканага жеткирилип, бирок алгачкы жардамдан соң эле кайра ооруканадан чыгып, ордо калаа Тайбэйге жөнөп кетишти.

Дегиңкиси, өзүн Кытайдан көз каранды эмес мамлекет санаган Тайванда саясий себептер менен кол салуулар өтө сейрек учурайт.

Президент Чэн Шуйбян ишембидеги президенттик шайлоого өз талапкердигин кайра коюп жаткан. Анын атаандашы – оппозициялык Кытай Улуттук партиясынын жетекчиси Лиэн Чан (Lien Chan) мырза бул окуядан соң дароо өзүнүн шайлоо өнөктүгүнө арналган иш-чараларды токтотууну чечти. Бул тууралуу ал басма сөзгө мындайча билдирди:

- “Кризис” деп аталган ушул чакта, эми мен бул окуяны кризис деп деле айтпайм, аны тырмакчага алып айтуудамын, - дал ушул кырдаалда коомубуздагы тынчтык менен тартипти камсыздоо үчүн биз шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу үгүт иш-аракеттерибиздин баарын токтото турууну чечтик.

Айтмакчы, анын партиясы менен президент Чэн Шуйбяндын Демократиялык Прогрессивдүү партиясынын талаптары бири-бирине кыйла окшош. Экөө тең арал-мамлекеттин Кытайдан көз каранды эмес бойдон калуусун жактайт. Тек гана айырмасы, азыркы президент Тайвандын эгемендиги үчүн өз атаандашына караганда бекемирээк турууда. Ал эми анын сунушу менен өткөрүлүп жаткан референдумда тайвандыктар «аралдын тагдыры тууралуу Бээжин менен сүйлөшүү жүргүзүү керекпи же кытайлык кол салуунун алдын алуу үчүн коопсуздук камылгаларын арттыруу керекпи?» деген суроого жооп беришмекчи.

Расмий Бээжин болсо Тайванды Кытайдын жикчи саясатчылардын колунда убактылуу калган ажырагыс бир бөлүгү деп карайт. Азырынча Бээжин Тайнан шаарындагы окуяга карата расмий мамилесин билдире элек. Тайван бийликтери окуя боюнча тергөө иштерин баштады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG