Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

КЫЗ-КЕЛИНДЕРДИН ЖАЗ МАЙРАМЫ, «АГЫМ» МЕНЕН «ААЛАМДА» ЭМНЕ КЕП?


Өткөн апта соңундагы кыргыз басылмаларында кыз- келиндерге, апаларга жаз майрамы менен куттук айткан каалоо-тилектер арбын болду. Журналистиканын оор жүгүн, түйшүгүн да кыз-келин калемдештер көтөрүп келатат. Басма сөз майданында эмгектенип жүргөн айымдарга кесиптештеринин айтаар каалоо-тилектери да бар.

8-март - асыл апалардын, кыз-келиндердин жаз майрамы. Басма сөз тармагында ондогон журналист айымдар эмгектенип келүүдө. Кыргыз басылмаларынын төл башы “Эркинтоо” гезитинде иштеген кыз-келиндердин атынан саясий баяндамачы Бегим Турдалиева мындайча куттуктады:

- 8-март күнү өзүм иштеген “Эркинтоо” басылмасындагы кесиптеш кыз-келиндерди, жалпы эле басма сөз каражаттарындагы эмгектенген эже- сиңдилерди майрамы менен куттуктайм. Жаратылышынан эле сезимтал аялзатынын жүзүн күлкү чайып, кубанып турса, демек жашоо жайында деген кеп. Эшикте кар жаап турса да аялзаты үйдүн куту болуп, коломтодогу отту өчүрбөй, жүрөгүндө ар дайым мээрим төгүлүп, жылуулук, кубаныч болушун тилейм.

Басма сөз тармагында эмгектенген жигиттердин атынан “Кутбилим” басылмасынын редактору Кубат Чекиров мындай каалоо-тилектерин айтты:

- Кыргызстанда басма сөз тармагында иштеп жүргөн бардык асылзат айымдарды, курбуларды, карындаштарды майрамы менен куттуктайм. Биздин кыз-келиндер ар дайым өздөрүн эркин сезип, бактылуу болушун каалайм. Экинчиден, коомдук турмуштун бардык тармагында, бийликте, бизнесте, өнөр жай, айыл чарбасында болсун же агартуу, саламаттык тармактарында эркектер менен бирге тең укукта үзөңгүлөш иштеп, үйдүн куту болуп, биздин турмушту көрккө бөлөп, эсен болушун тилейм.

9-мартта чыгууга даярдалып жаткан “Агым” басылмасында кандай мазмундагы макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- Алгач апаларды, эжелерди жана сиңдилерди жаз майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, узак өмүр, үй бүлөлүк бак-таалай каалап кетким келет. Гезитибиздин бул саны кыз- келиндерге, асылзат айымдарга арналууда. Биринчи бетин атактуу ырчы кыздарыбыздын бою, салмагы жана ойлоруна арналган материалдар ачат. Учурунда репрессияга туш болгон эл соту Осмон Элебесовдун кызы Рая Осмонова атасынын жана өзүнүн башынан өткөн аянычтуу тагдыры тууралуу айтып берет. Журналист Айзаада Абазова көрүнүктүү актриса, кыргыз кино ишмерлер кошунунун төрайымы Гүлсара Ажыбекова менен майрамдык маек уюштурган. Акын кыздарыбыздын поэтикалык саптары, депутат айымдардын ишмердүүлүгү тууралуу макалаларга орун берилүүдө. Мындан сырткары кабарчылар Жылдыз Мусабекова менен Асран Айдаралиевдин «Айланпа», «Каалга», журналист Жеңишбек Эдигеевдин «Үч кошкон» түрмөктөрүндөгү түрдүү суроолорго депуттар, ишкерлер, коомдук ишмерлер, мугалимдер баштаган ар кыл кесип ээлер жооп беришет.

Ошондой эле шейшемби күнгө басууга даярдалып жаткан “Аалам” басылмасында кандай макалалар чыга тургандыгы жөнүндө редактордун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай дейт:

- Улуттук телерадиокорпорациясында түзүлгөн кырдаалга карата Бөкөнбай Боркеевдин кайчы пикирине орун берип жатабыз. «Беш жылдан бери чындык» деп чыркырап барбаган жери, кирбеген эшиги калбаган ысыккөлдүк жигит Досумбай Дүйшалиевдин «Ынтымак» кооперативинин армандуу абалы тууралуу Аскар Акаевге жазган катын толугу менен эч оңдоосуз жарыялап жатабыз. Ошондой эле «Дөө-шаалардын ортосундагы белектерге бүгүн сүйүнөлү, а эртеңчи?» деген кабарчыбыз Сабира Кемелованын Кытай эл республикасынын тышкы саясатынын өңүттөрүн талдоого алган макаласына орун берилүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG