Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

ТАЛАСТА "ТИЛ ТАГДЫРЫ - ЭЛ ТАГДЫРЫ" АТТУУ МАРАФОН ӨТТҮ


Машакбай Рахманкул уулу, Талас 5-март күнү Таласта "Тил тагдыры - эл тагдыры" аттуу марафон өттү. Бул - кыргыз тилине байланыштуу өлкөнүн калган аймактарында да өтө турган марафондун алгачкысы.

Марафонду Бишкек адам таануу аалымканасы "Аалам" газетасы менен бирдикте "Теңир Ордо" фондусунун колдоосу менен өткөрдү. Марафонду ачып жатып "Аалам" газетасынын башкы редактору Чолпонбек Абыкеев кыргыз тилине жакшылап камкордук көрүп, аны өстүрбөсө, келечегине кам көрбөсө ал колдонуудан калып, жоголуп кете турган тилдердин катарында турганын айтып, буларга токтолду:

- Дүйнөдө 6800 тил бар экен. Ошол 6800 тилдин 3 миң тили талдоочулардын пикири боюнча, жакынкы жүз жылда жоюлуп жоголот, анын ичинен 500 тил 50 жылдан кийин колдонуудан калат экен. Анын ичинде кыргыз тили да бар. Ушундайдан кийин кыргыз тилин изилдеп, чуркай баштадык. Көрсө, кыргыз тилинин жоголуп баратканы чындык экен.

Өзү орус элинин арасында чоңоюп, жогорку билимдүү 3 дипломго орусча окуп ээ болгон эмгек ардагери Бейшенбек Молдокулов кинорежиссер Бакыт Карагуловду, киносценарист Марат Сары уулу, сүрөтчү Аскар Бейшенбековду тарбиялап өстүргөн. Ал кыргыз тилин эч качан жерибегенин минтип айтты:

- Орусча мектепти, жогорку окуу жайларды бүтүп деле аракет кылып, өзүмдүн кыргыз экенимди унутпай, тагдырыма туш келген ар жерлерде жүрсөм да, тилчи болбосом дагы өзүмдүн эне тилимде тагыраак сүйлөшкө аракет кылып жүрдүм.

Ал эми Талас районундагы Жергетал айылынан келген карыя Асанбек Акматов кыргыз сыналгысына жана кыргыз тилин чангандарга сын-пикирин минтип билдирди:

- Сыналгы көргөндөн уялып калдык. Теңин кыргызча, теңин орусча сүйлөшөт.

Марафондун эмне үчүн Таластан башталып жаткандыгы жөнүндө Ысыккөлдөн келген Касымакун карыянын сөзүнөн үзүндү:

- Мен Талас облусуна келип калган себебим - Манас атабыздын арбагы, касиети бар. Манас атабыз бизге калтырып кеткен жери, эли бар. Манас элинин тили, дили, жери, суусу тазаланмайынча кыргыз эли оңолбойт.

Марафондо ошондой эле жакында Мыйзам чыгаруу палатасында кабыл алынган ммлекеттик тил мыйзамынын тегерегинде айрым саясатчылар, кызмат адамдары уюштуруп жаткан бут тосууларга нааразы кептер да айтылды. Ал эми марафондон түшкөн каражаттарга кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн, асыл ой мурастарын, терминологиялык сөздүктү, "Байыркы жана азыркы кыргыз тили" деген жыйнактарды чыгаруу максаты бар экендиги айтылды.
Марафондун кийинки кезеги 17-мартта Нарын шаарында өтө турган болду.
XS
SM
MD
LG