«Мен киммин? Мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргыздын көбөйсүн деп адам саны.»
Бул саптар элдик акын Байдылда Сарногоевдин жөнөкөйлүгүнөн, карапайымдыгынан кабар берет. Анын ырлары оозеки чыгармачылыктын берметтери шекилдүү калк катмарына терең тарап кеткен. Эл арасында «Байдыкем айткандай, Байдыкемдин термелеринен, Байдыкемдин окуяларынан» деген уламалуу кептер төгүн жерден айтылбаса керек.
Талас районуна караштуу Чоңчычкан айылында жарык дүйнөгө келген, журт кадырлаган акын алгачкы чыгармасын 13 жашында жазып, ал ыры райондук гезитке басылган. 15 жашында ата-энесинен ажырап томолой жетим калат. Бишкектеги №5-кыргыз орто мектебин бүтөөрү менен Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунан билимин өркүндөтөт.
Байдылда Сарногоевдин басмадан чыккан алгачкы «Шумкар» аттуу ырлар жыйнагынан кийин ондогон ыр китептери жарык көрөт. Анын эр ортону элүү жаш курагына арналган «Ашуудан берген отчетум» аттуу ырлар жыйнагы, окурмандардын жан шеригине айланат.
Элдик акын он жылдан ашуун мезгилден бери сыркоолоп, дарттын айынан эл арасын кыдыра албай «төшөккө жатып калганына» арман кылат. Бирок, бүк түшүп жатып калбай, тирүүлүк үчүн күрөшүп келет. Өмүрдөгү кубанычы жана өкүнүчү тууралуу акын биз менен мындай ой бөлүштү:
- Менин кубанычым - кыргыз элимдин амандыгы. Эгемендүү эркиндиги. Эл керегине жарачу жаштардын өсүп келатканы. Жараткандан тилегеним - Алатоо аман болсо экен, анын койнундагы алакандай ак калпак кыргыз аман болсо экен.
Ал эми өкүнүчүм - мен Совет бийлиги менен кошо жыгылып бутумду сындырып алдым. Ошондон бери оору менен алышып келем. Кеселдин кесепетинен элимди кыдыра албай, жазчу ырларымды жаза албай калдым. Замандын агымын көзүм менен көрүп, кулагым менен уга албай калдым. Менин арманым ушул.
Элдик акын Байдылда Сарногоев калем алып ыр жазууга кудурети жетпесе да, сезиминдеги ыр саптарын ак дилинен эргий окуп берди.
Жигерлүү жигит кезимде,
Чокудан чыктым чокуга.
Чокуга мени чыгарган,
Жаштыктын жалын оту да.
Жигерлүү жигит кезимде,
Түшүмдө жүрдүм кыз жандап.
Өмөктүү өмүр сүрүпмүн,
Өңүмдө жүрдүм кыз жандап.
Түшүмдө эми куш эмес,
Карга да калдым кармабай.
Өңүмдө эми кыз эмес,
Келин да калдым жандабай.
Акындын күлгүн курагында баш кошкон байбичеси Зина эже жанынан үйрүлүп чыкпайт. Эки кыз, үч уулду төрөгөн жана тарбиялап өстүргөн акындын жары өмүрлүк жолдошунун азыркы акыбалы жөнүндө мындай кеп куруп берди:
- Жооптуу кызматкерлер менен карапайым элдер агайыңардын ал-акыбалын сурап турушат. Атайын көргөнү Ак үйдөн бардык эле жетекчилер келишти. Президент да келем деген экен, жумушу көп болуп келе албай калды. Өзгөчө Накен Касиев саламаттык сактоо министри болуп турганда көп келди. Дарыгерлерди жиберип, дары-дармектерди жөнөтүп турчу. Анан Болот Шерниязов, Райкан Алканов, Надырбек Алымбеков, Алмаз Атамбаев сыяктуу жигиттер колунан келген жардамын берип, каралашып турушат. Ушулардын баарына мен ыраазычылыгымды билдирем. Калемдеш достору, жакшы санаалаштар ат тезегин кургатпай келип, ал-акыбалыбызды сурап турушат. Менин эч кимге таарынычым жок. Ыраазымын!
Байдылда агайдын кызы Карлыгач болсо атасынын калемине таандык чыгармаларды иргеп, келечекте атасынын жаңы китебин чыгаруунун үстүндө аракеттенээрин билдирди. Ал бизге атасынын көптөгөн ырларын жатка айтып берди. Азыркы заманга үндөш ырларынын бири деп Карлыгач мындай ыр саптарын окуду:
Кыргыз жерин өз жерим деп басчуулар
Бытыранды урууларга бөлүнбөй,
Бир жеңден кол,
Бир жакадан баш чыгар.
Кызматчылар эл ичинде башчылар,
Кай бириң карт,кай бириңер жашсыңар.
Ызаат менен жумуш менен иш менен,
Бир жеңден кол,
Бир жакадан баш чыгар.
Элдик акын “эч качан жазылып бүтпөс ырым бар, ал - кыргыз элим” дейт.
-Мен кыргыз эли жөнүндө ырды такыр эле бүтпөй койдум. Менден кийин деле кыргыз эли жашайт. Элимдин тынччылыгын тилейм:
Кыргызым бүтпөс ырымсың.
Кыялбас кызыл туумсуң.
Сан жагың чакан болсо да,
Сапатың менен улуусуң.
Досуңа тоодой дем болуп,
Тоңдурган кышта жылуусуң.
Казыга кайра ээрибес,
Кадимки түндүк уюлсуң, - деп Кыргыз эл акыны Байдылда агай оорудан кыйналып, жаны жер тартып турса да эл-жери үчүн жан дүйнөсүнөн чыккан ыр саптарын токтолбостон айта берейин деген аруу тилеги бар.