Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Кыргызстан элдик конгресси президенттин мөөнөтүн узартууга каршы


Бишкек. Бүгүн Бишкекте Кыргызстан элдик конгрессинин координациялык кеңешинин жыйыны болуп, өлкөдөгү акыркы кездеги саясий окуялар талкууланды. Жыйында Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартуу тууралуу чакырыктар айыпталып, андай аракеттерге чечкиндүү каршылык билдирилди. Бул тууралуу Конгресстин координациялык кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Текебаев билдирди. «Феликс Куловдун талапкерлиги президенттикке көрсөтүлгөндөн кийин анын өмүрүнө коркунуч пайда болду. Ошондуктан бул жыйында Элдик Конгресстин төрагасынын орун басары Алмаз Атамбаевдин талапкердиги Феликс Кулов менен катарлаш президенттикке көрсөтүлдү» деп кошумчалады Текебаев. Ошондой эле Элдик Конгресстин жыйынында алдыдагы шаршемби күнү боло турган Феликс Куловдун ишине байланыштуу Коомдук угууга даярдыктар да талкууланды.

XS
SM
MD
LG