Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:24

ШВАРЦЕНЕГГЕР ГУБЕРНАТОР КАТАРЫ АНТ БЕРДИ


АКШнын Калифорния штатынын губернаторлугуна шайланган кино жылдызы Анолд Шварценеггер дүйшөмбү күнү ант берип, бул жаңы кызматына киришти. Демократиялык партиянын өкүлү, мурдагы губернатор Грэй Дэвис өткөн айдагы шайлоонун натыйжасында бул кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетүүгө аргасыз болду. Эми Шварценеггердин бейнеси тууралуу азыноолак сөз кылалы.

Голливуд жылдызы Арнолд Шварценеггер ноябрдын 17синде Калифорниянын жогорку соту Роналд Жорждун алдында ант кармап, АКШнын эң бай жана кудуреттүү штатынын жетекчиси кызматына киришти:

Сот Жорж Арнолд Шварценеггерди жылуу куттуктаган соң, калайык кол чаап, жаңы губернаторду шаттана тосуп алды. Штаттын ордо шаары Сакраментодо өткөн бул жөрөлгөгө 7 миңден ашуун киши катышты. Коноктордун арасында Калифорния штатынын мурдагы губернаторлору, кино жылдыздары, саясатчылар, журналисттер арбын болду. Маркум президент Жон Кеннединин кызы Кэролайн Кеннеди да теги австриялык кино жылдызынын саясий карьерасына ак жол каалагандардын арасында болду.

56 жашар киноактер Шварценеггер режиссер Жеймс Камерондун 1984-жылы көрөрмандарга тартууланган “Терминатор” тасмасы аркылуу өзгөчө атыккан. Чымыр денелүүлөрдүн чыгааны Арнолд Шварценеггер эми АКШнын саясий бийлигинин даамын да, мүшкүлүн да татып көрмөкчү. Кызмат жоопкерчилигин дурус аңдай тургандыгын Арнолд дүйшөмбүдө баса белгиледи:

- Менин саясатка жаңы гана аттанып жатканым эч кимге жашыруун сыр эмес. Мен ишеним жана үмүттүн аркасында шайланганымды билем. Өзүмө ишеним таккан кишилердин көңүлүн калтырбоо үчүн чоң жоопкерчилик мойнума тагылганын да сезип турам.

Саясий амбициясы күч Шварценеггердин бактысына, демократиялык партиянын өкүлү, губернатор Грэй Дэвис быйыл октябрда кайра шайланууга мажбур болуп, бийлик тизгинин атаандашына алдырып жиберди. Кошмо Штаттардагы калкы эң көп болгон штат Дэвис мырзанын тушунда 38 миллиард доллар көлөмүндөгү бүжөттүк таңсыктыкка кириптер болгон.

Айтмакчы, Шварценеггердин жары, татынакай журналист Мэри Шрайвер – демократиялык партиянын мүчөсү жана айтылуу Кеннедилердин тегинен. Мэри өз кезегинде Фидел Кастро, Раиса Горбачева, иордан падышасы Хусейн сыяктуу инсандар менен Эн-Би-Си сыналгысы үчүн маек курган, бир катар журналисттик сыйлыктарды жеңип алган. Бирок жубайы демократ болгону менен, Арнолд республикачылар тарабына өткөн.

Арнолддун фамилиясы немис тилинде “Кара дыйкан”, “Кара сокочу” дегенди туюнтат. Ал 1947-жылы 30-июлда Австриянын Грац шаарына жакын Тал (Thal) деген шаарчада туулган. Атасы Густав оболу аскер кызматында, кийин полициячы болуп иштеген. Энеси үй кызматында эле.

Чымыр денелүүлөрдүн таймаштарына жаштайынан катышкан Арнолд Шварценеггер 1975-жылы бул спорт түрү боюнча ардактуу эс алууга чыкканга чейин “Ааламдын мырзасы” сыйлыгын беш ирет алган, “Олимпия мырзасы” сыйлыгына алты ирет татыган. Эс алууга чыккандан кийин да, 1980-жылы ал “Олимпиа мырзасы” сыйлыгын жетинчи ирет жеңип алган. Андан үч жыл өткөн соң (1983-жылы) Арнолд Кошмо Штаттардын атуулдугун алган.

Мурдагы бозгун Шварценеггер АКШда президенттик үчүн гана ат салыша албайт, анткени өлкөнүн баш мыйзамында бул кызмат үчүн талапкер киши Кошмо Штаттарда төрөлүшү керектиги тууралуу шарт камтылган.

Шварценеггер башкы ролду ойногон “Терминатор-3” тасмасы үстүбүздөгү жылдын жай айларынан тартып дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндөгү кинотеатрларда көрсөтүлүүдө. Тасмадагы анын кейипкери англис тилинде “Мен кайтып келемин!” деп көрүүчүлөрдү ишендирет.

Саясатта болсо Шварценеггер дүйшөмбү күнү “мен жаңыдан келдим!” деп жар сала сүйлөдү. Анын жөжөсүн санай турган күз дагы да алдыда.

XS
SM
MD
LG