23-сентябрда жарык көргөн “Агым” гезитинде Алым Токтомушев “парламенттик жана президенттик шайлоонун карааны алыс болгону менен, коомдук кыймыл, бирикмелер эртелеп ойгонуп, саясий оюндар жүрө баштаганын” жазат. Мында автор “бийликтин камчысын армансыз чапкан Курманбек Бакиевден башка оппозиция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Алмаз Атамбаев жөнүндө аз айтылып, бийлик тараптагы Темирбек Акматалиев, Накен Касиев, Жоомарт Оторбаев, Марат Султанов жана башкалар жөнүндө көп сөз болуп жаткандыгын” белгилейт. “Бул күч сынашуубу же сүр сынашуубу?!” деп суроо коюп, автор ошого жооп издейт.
Ушул эле басылмада «Министрдин бир күнү» деген жаңы рубрика ачып, өлкөнүн Социалдык фондунун төрагасы Ахматбек Келдибековдун бир күндүк иш-аракетин Жеңишбек Эдигеев баяндайт. Ал эми Жолдошбек Зарлыкбеков өлкөнүн кышка даярдыгын талдоого алат. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Тайырбек Сарпашев «кышында отун кризиси болуп, саясий-социалдык жагдай курчуп кетээрин» айтса, өкмөт алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Уларбек Матеев «баары жайында, эч кандай кризис болбойт, октябрда ишти оңдойбуз» деп ишендирет. Өлкөдө көмүр казып, ташып жүргөн «Бешсары» фирмасынын жетекчиси Камчыбек Жолдошбаев да «кышта кризис болбойт» деп эсептейт.
Бирок 23-сентябрдагы «Аалам» басылмасы да “Өзбекстанга газ боюнча карыз төлөнбөсө, кышында алар газ берүүнү токтотушу мүмкүн экендигин, отун тармагында коррупция күч алганын” жазат. Бул боюнча Тайырбек Сарпашев менен Элнура Кулуев маек куруп, анда «Кыргызстан кышка толук даяр эместиги, Өзбекстан газ да, мазут да бербей, кышында кризис болоору, энергетика тармагында коррупция күч алып, Токтогул ГЭСинин чыгарган энергиясына тете энергия уурдалып жаткандыгы» айтылат. Мындан тышкары, «Ааламдын» бул санында Нургазы Анаркулов өлкөнүн тышкы саясатына үңүлүп, “Кыргызстан АКШ, Орусия жана Кытай державаларынын кызыкчылыктары кесилишкен ыңгайлуу жерге жайгашканы менен, тышкы саясаты үзүрүн бербей келатканын, сазда жатса да, чоң сүйлөгөнүн, бирдиктүү экономикалык аймакка кирбей калгандыгын» талдоого алат.
23-сентябрдагы «Республика», «МСН» жана «Агым» басылмалары Европарламент Борбор Азияда саясий куугунтукта жүргөндөрдүн төртөөнү Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөткөнүн жазышты. Алар - 25 жылга кесилген түркмөнстандык Батыр Бердиев, 15 жылга түрмөгө айдалган өзбекстандык мурдагы журналист Мухамед Бекжанов, 7 жылга кесилген казакстандык оппозиционер Галимжан Жакиянов жана 10 жылга эркинен ажыратылган кыргыз генералы, «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов. «50 миң еврого бааланган бул сыйлык декабрда Европалык парламентте расмий салтанат менен татыктууларга ыйгарылат», деп жазат «Республика» басылмасы.
23-сентябрдагы «МСН» гезити «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрүнүн суроолоруна Феликс Куловдун берген жоопторун басты. Анда ал эгемендүүлүктүн жылдарындагы трайбализм, коррупция, өлкөнү парламенттик башкарууга өткөрүүнүн зарылчылыгы, Орусиянын аскер базалары, түрмөдөгү жашоосу, Лениндин эстелигин которуу, азыркы саясий-экономикалык кырдаал жана Азамат Алтай жөнүндөгү ойлорун айтат. «Эгерде мен бийликтен ырайым сурасам, анда мен күнөөлүү экендигимди моюнга алгандай болуп калам» дейт Феликс Кулов.
23-сентябрда окурмандардын колуна тийген «Республика» басылмасы Дублин шаарында Укук коргоочулардын дүйнөлүк конференциясына катышып келишкен Т.Акундун, Т.Исмаилованын жана Р.Дырылдаевдин ой-пикирлерин жарыялады. Конференцияда алар Кыргызстандагы адам укуктарын коргоонун проблемалары, бийликтин саясий лидерлер менен эркин басма сөздү куугунтуктаганы, ж. б. жөнүндө айтышкан.
23-сентябрда «Кыргыз туусу» жана «Слово Кыргызстана» басылмалары Кыргызстандын Москвадагы маданият күндөрү тууралуу жазышты. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуусу, орус-кыргыз кызматташтыгы, Канттагы авиабазанын түзүлүшү жөнүндө 23-сентябрдагы «Вечерний Бишкек» гезити жазды.