Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:40

КАЙГЫЛУУ ОКУЯНЫ ЭСКЕРҮҮ, БИШКЕКТИН БОЛОЧОК МЭРИ, «ЭСТЕЛИКОМАНИЯ», ТОЙГО ЧАЧЫЛГАН КАЗЫНА, СОТЧУЛ ГУБЕРНАТОР


АКШда эки жыл мурун 11-сентябрда болгон кайгылуу окуяны эскерүү, Бишкектин мэри тууралуу божомолдор, эрегишип эстелик куруу, өмүргө коркунуч жараткан дарылар, тойго чачылган казына, кыргыз тилинин тагдыры - мына ушул темалар кыргыз басылмаларындагы макалалардын мазмунун түзөт.

Соңку 11-сентябрдагы “Вечерний Бишкек” гезитинде Евгений Денисенко мындан 2 жыл мурда ушул күнү Америка Кошмо Штаттарында болгон террордук актыны эскерип, эл аралык терроризмге каршы күрөш улантылып жаткандыгын жазды. Анын маалыматына караганда, бул күнү Кыргызстандагы Ганси атындагы авиабазада кайгылуу окуяны эскерүү болду. Ушул база Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун имараты кырсыктан кыйраган учурда өз өмүрүн тобокелге салып, ондогон адамдарды сактап калган өрт өчүрүүчүлөр отрядынын жетекчиси Питер Гансини эскерүү иретинде анын ысымын алып жүргөндүгү макалада айтылат.

11-сентябрда “Общественный рейтинг” жумалыгынын жаңы саны жарык көрдү. Мында 15-сентябрда өтө турган Бишкек шаарынын мэрин шайлоого карата түрдүү ой-пикирлер жарыяланды. “Башкалаанын башчысына ким ылайыктуу? Азыркы мэрдин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?” деген суроолор коюлду. Пенсионерлердин укугун коргоочу Л.Фомова, “Рассвет” дыйкан чарбасынын төрайымы Е.Быцко, “Толубай” коммерциялык банкынын төрагасынын орун басары Н.Байгуттиев жана “Мадина“ жоопкерчилиги чектелген коомдун директору Т.Салимов азыркы шаар башчысынын ишмердүүлүгүнө жогору баа беришкен.

Ушул эле чыгарылышында гезит Кыргызстандын Атуулдук авиация департаментинин директору Тимур Муратов менен журналист Болотбек Мариповдун кенири маегине орун берди. “Бул күндөрү өлкөдө 152 учуучу унаа болсо, анын 39у гана учууга жарактуу, калганынын саны бар, сапаты жок. Жүргүнчүлөрдүн көбү чет өлкөлүк компаниялар аркылуу учуп жатканы ачуу чындык”, - дейт Тимур Муратов.

Басылма “Алатоо” аянтынан орун которгон В. И. Лениндин эстелиги тууралуу талкууну улантып, “Аянтка кимдин эстелигин коюш керек эле?” деген суроо коюп, окурмандардын пикирин талдоого алат. Өкмөттүн чечимине 32% окурман каршы болгон, 17% окурман “Эркиндик” статуясын жактырып, колдоого алган. Окурмандардын 13% ““Алатоо” аянтына Манас баатырдын айкели орнотулса” деген тилегин билдирген. Бул аянтка Шабдан, Жайыл, Тайлак баатырлардын, Курманжан датканын, Абдыкерим Сыдыковдун, Турдакун Усубалиевдин, Аскар Акаевдин, Феликс Куловдун айкелдеринин коюлушун жактаган түрдүү пикирлер да айтылган.

Ушул эстелик темасына 12-сентябрда жарык көрчү “Заман Кыргызстан” гезити да кайрылып жатат. Мында публицист Абдыкерим Муратов “Аптанаама” рубрикасында “Эстеликомания” деген ой толгоосун берүүдө. Автор “ар бир айыл, кокту-колот өздөрүнүн баатырларынын эстеликтерин коюп, ага каражаттын баары элдин чөнтөгүнөн алынып, Батыштагыдай тарбиялык таасири жоктугун, куру намыс менен гана курулганын, чоң айкелдердин эстетикалык, исскустволук кудурети жоктугун, жупуну гана көчүрмө болуп калганын” жазат. “Эстеликтерди курууну жарышка, мелдешке айландыруу акыры жакшылыкка алып барбайт”, - деп эсептейт Абдыкерим Муратов.

12-сентябрда чыгуучу “Агым” гезитинин жаңы саны басууга даярдалып жатат. Мында Алым Токтомушев “Жолбүгүн” рубрикасында бюджеттин тартыштыгы жөнүндө талдоо жүргүзөт. Автор быйыл казынадан 520 млн. сом ар түрдүү той-топурга жумшалганын жазат. “Агым” басылмасы Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын рейтингин жарыялоого даярдап жатат.

12-сентябрдагы “Аалам“ гезитине кандай материлдар даярдалып жаткандыгын басылманын башкы редакторунун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындайча кабарлады:

- Мамлекеттик тилибиздин азыркы абалы жөнүндө кеңири макалалардын түрмөгүнө 12-сентябрдагы жаңы саныбыздан орун берип жатабыз. Депутаттар Турдакун Усубалиев менен Алымбай Султановдун ой-пикирлери да жарык көрмөкчү. Гезит менен соттошуп, кадыр-баркын көтөрүүгө көнүп калган Баткендин губернатору Мамат Айбалаев жөнүндө да кызыктуу материал бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG